Жыргалбек Касаболотов: “Эртең кытай тилине расмий статус берүү боюнча маселе көтөрүлбөйт деген кепилдик барбы?”

0

Каганат.

Кыргызстандын жарандык паспортундагы «улут» графасы тууралуу маселени бийлик былтыр эле көтөрүп чыккан. Ага карапайым эл караманча каршы турганы менен айрым аткаминерлер колдогон. Талаш-тартыш болуп отуруп, акыры токтотулган эле. Мына эми, кайрадан ал маселе көтөрүлмөк түгүл, “улут” графасы алынган паспорт даяр болду. Кайда жүрбөсүн “Улутум – Кыргыз, урааным – Манас!” деген белгилүү журналист Жыргалбек Касаболотов менен паспорттон «улут» графасынын алынышына кимдер кызыкдар жана эмне себептен деген суроолорго жооп издеп көрдүк.

 Паспорттогу кыргыз деген ат кайда?

-Жыргалбек мырза азыркы мезгилде жарандарыбызга “улут” графасы алынган паспорттор бериле баштады. Негизи эле бийлик тарабынан бул  тема көтөрүлгөндө коомчулукта бир катар нааразычылыктар пайда болгон эле. Айтыңызчы Өкмөт бул маселеде элдин пикири менен эсептештиби?

-Кыргызстандын ички паспортунан «улут» графасын биротоло алып таштоо боюнча өкмөттүн демилгеси ансыз деле ажырымга толгон кыргыз коомчулугуна дагы бир сыйра жик таштады. Бир тарабы бийликтин бул аракетин кыргыз элинин тагдыры үчүн тымызын коркунуч катары бааласа, экинчи тарабы тескерисинче,муну мамлекетти бекемдөөнүн каражаты катары көрсөтүп, өз оппоненттерин ошондой «жаркын идеяга» каршы чыккан чектелүү, түркөй кишилер катары көрсөтүүдө.

«Улут» түшүнүгү кыргыз кыртышына келгенде ар башка бааланып жатышы тарыхый себептерге байланыштуу. Кеңеш өкмөтү улут (национальность) деп улутун (этносун) түшүнүп, аны автономия, республика ж. б. административдик бирдиктерди киргизүүдө негизги чен-өлчөмдөрдүн бири катары караган.

Ал арада Батыш мамлекеттеринде улут (нация) термини бүтүндөй өлкөнүн эли тууралуу жалпы түшүнүккө айланып кеткен. Ошентип, улут тууралуу түшүнүктүн өзү эки башка шартта эки башка калыптанган. СССР убагында «улут» деп тили, маданияты, теги, тарыхы, өңү-түсү, каада-салты менен айырмаланган конкреттүү кыргыз, орус, өзбек ж. б. улуттарды түшүнсөк, көптөгөн башка мамлекеттерде «улут» деп тегине карабастан, кайсы бир мамлекеттердин жарандарын билип калышкан.

Ал түшүнүк улуттук (этностук) алкакка таптакыр байланбаган мамлекеттердин да жарандыгына негиз болууга жетишти. Бирок улут тууралуу ушундай эки башка түшүнүктүн өзү ого бетер талашка жем таштап келатканы да чын.

Кыргызстанда башкаруунун негизги принциби катары тандалып алынган демократия шартында бийликтин бирден-бир булагы Эл болуп эсептелет. Мамлекет -болгону Элдин чечимдерин, мүдөөсүн мыйзамдаштырат. Анын негизги милдети ошол. Бул айрыкча элдин тагдырына түздөн-түз таасир эте ала турган чечимдерге тиешелүү.

Улуттун улуттугун аныктай турган ар кандай жагдайлар – ашык-кеми жок, дал ошондой чечимдердин катарында. Сөз болуп жаткан принциптин алкагында, демилге расмий түрдө элдин өзүнөн чыкпаган күндө да, Өкмөт жогортон таңуулаган өз сунушун жетиштүү жүйөөлөр менен  далилдей алган жок.

Паспорттон улут тууралуу графаны алып таштоо боюнча демилгени эл эмес, Өкмөт өзү көтөрүп чыкты. Улуттун тагдырына тиешелүү маселе боюнча Эл менен кеңешпестен, референдум өткөрбөстөн кабыл алынган чечим – бери болгондо чийки, а чындыгында уурулук катары бааласа болот.

-Кыргыздын атын өчүрүүгө кимдер кызыкдар деп ойлойсуз?

-Улут графасын алып салуу элдин талабына да, ички-сырткы зарылдыкка да эч кандай негизделбегени, кандай коркунучтуу жагдайларды жаратаары буга чейин кеңири айтылган. Адатта кайсы бир маселе коюлуп жатса – ал жерде конкреттүү кимдин кызыкчылыгы бар экени талданышы керек.

Эл өзү бул проблеманы көтөрбөсө, сырткы оюнчулар андай маселе койбосо – демек анын сыры башка жакта жатат. Кыргыз паспортунан кыргыз улутунун атын өчүрүүгө кимдердин кандай жеке кызыкчылыгы бар? Эми ошону бүгүнкү реалдуу жагдай-шартка ылайык талдап көрөлү.

ЕврАзЭС биримдиги жана көзөмөлсүз коррупция

Азыркы түзүлгөн келишимдер Кыргызстандын жарандарына өлкөнүн ички паспорту менен ЕврАзЭС мамлекеттеринде визасыз, атайын каттоосуз ээн-эркин жүргөнгө, ишке орношконго жана иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Коңшулаш Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын жарандарында андай мүмкүнчүлүк жок. Бирок алардын өтө көп жарандары ЕврАзЭС мамлекеттеринде, айрыкча Орусия менен Казакстанда ошондой оңой жол менен иш табууга ынтызар. Албетте, алар улуту, жашаган жери, үй-бүлөлүк абалы жазылып турган азыркы кыргыз паспортун мыйзамсыз жолдор менен сатып алып, азыр деле ал жакка кете берсе болот.

Бирок белгилүү бир масштабдан ашкандан кийин Орусиянын компетенттүү органдары эртедир-кечтир бул тууралуу маселе козгошот. Анткени, мисалы, Кыргызстанда расмий түрдө бала-чакасы менен кошкондо 836 миң өзбек жашаса (Википедия), Орусияга Кыргызстандан, айталык, 1,5 миллион өзбектин кантип барып калганын түшүндүрүшкө туура келет. Же болбосо, Кыргызстанда 30 миңдей кытай жүргөнү чын болсо – Орусияга кыргыз паспорту менен кантип 60 миң кытай жетип барганын түшүндүрүш андан бетер кыйын болот…

Ал эми эгерде паспортто улуту көрсөтүлбөсө, жашаган жери ачык аныкталбаса – мынчалык масштабдагы миграцияны өнөктөш мамлекеттердин компетенттүү органдары текшере да, көзөмөлдөй да албай калат. Андай маселе коюлбай да калат, анткени улут тууралуу графанын өзү жок болот. «Кыргыз жараны» деген паспорт менен кытайы да, өзбеги да, тажиги да Орусия менен Казакстанга каалашынча каттап, ошол жакка кирип кеткенге кеңири жол ачылат. Ошентип, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат да, кыргыз паспортун коңшулаш өлкөлөрдүн жарандарына чексиз масштабда, эч кандай көзөмөлү жок, суроо-сопкуту жок сатканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Чыныгы сепаратисттер

Чындап келсе кыргыз жаранынын атын жамынып алып, кыргыз саясатын кыргыз улутунун кызыкчылыгынан таптакыр башка нукка бургусу келгендер өз улутун ачык көрсөтүүгө умтулбайт. Кезегинде сепаратисттик талаптарды коюшу менен кеңири таанылып, учурда качып жүргөн Кадыржан Батыров «Ватан» («Мекен») аттуу партия түзгөнү жакшы маалым. Анын мүчөлөрү негизинен бир улуттун өкүлдөрү болгону да эч кимге жашыруун эмес.

 Азыркы Башмыйзам антип бир улуттун негизинде партия түзүүгө тыюу салат. Бул туура талап. Бирок эгерде улут графасы жоюлса -ошол талап өзүнөн өзү кошо жоюлат. Анткени кайсы бир партиянын улуттук негизде түзүлгөнүн далилдей турган жагдайдын өзү жок калат. Дагы бир тилге расмий статус берүү маселеси, өлкөнүн унитардык түзүлүшүн өзгөртүү маселеси ж. б. так ошондой күчтөр тарабынан кадимкидей эле мыйзамдуу коюла баштайт. Башка жагынан, аз улуттар азыркыдай партиялардагы квотасынан ажырап, кыргыз элинен ошондо чындап алыстайт. Жыйынтыгы белгилүү.

Сырткы геосаясий күчтөр

Кыргыз улутунун аты өчүшүнө, Кыргызстанда кыргыз эли укуктук жактан коргоосуз калышына сырттагы көптөгөн күчтөр түздөн-түз кызыкчылыгы бар. Алар:

1) диний фундаменталисттер;

2) Батыш баалуулуктарын таңуулай турган, паспорттон улуту тургай жынысы тууралуу маалыматты жок кылууга умтулган геосаясий күчтөр;

3) анан албетте, мурдагы орус империясын жаңы негизде калыбына келтирүүгө умтулган ички-сырткы кыймылдар.

Анткени кыргыз эли – Кыргызстандын өзөгүн түзгөн, уютку эл. Ошол сырткы таасирдин баарына каршы тура турган бирден-бир баалуулуктар да –кыргыз элинин баалуулуктары. Эгерде кыргыз эли кадыресе улут статусунан ажырап, жөн гана жарандардын бирине айланса, бул маселени козгой турган субъектинин өзү жок калат. «Кыргыз жаранын» каалагандай калчаса болот. «Кыргыз жарандарынын» атынан парламентке намазкана ачмак тургай, республиканы акырындап диний мамлекетке айландырып, гей-параддарга уруксат берип, мамлекеттик тилди басмырлап, расмий тилдин зоболосун көтөрүп, кыскасы каалагандай чалмакейди чала берсе болот. Бизге ошол керекпи? Кыргыз элине – кереги жок.

Жарандык, шайлоо механизмдери жана КР президентинин позициясы

Башмыйзамга ылайык Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана андан чыгаруу – КР Президентинин ыйгарым укугундагы маселе (КР Конституциясы, 64-берене, 7-пункт). Азыркы жарандык тууралуу мыйзамга ылайык кыргыз улутундагы адамдар КР жарандыгына жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кабыл алынат. Улут тууралуу графа алынып салынса, анда бул талап канчалык иштеп жатканын көзөмөлдөгөнгө мүмкүн болбой калат.

Шайлоодо 20-30 миң добуш дагы чоң роль ойной тургандыгы белгилүү. Улут графасынын жоюлушу – улуту аныкталбаган жаңы жарандарды өтө көп санда кабыл алып, ал аркылуу шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого кеңири жол ачат. Президент А. Атамбаевдин ошондой жеке кызыкчылыгы барбы? Жок болсо – жарандык коом чырылдап айтып жаткан коркунучтарды эске алып, бул боюнча тиешелүү чара көрөөрү шексиз. Бар болсо – анда «канды Кудай ураарда калкына катуу кас болот» деген кыргызча эле жыйынтык келип чыгат.

Азыркы тапта президенттин жеке өзүнүн жарандык позициясы, улут маселесинде кабыл алган чечимдеринин ырааттуулугу өтө маанилүү. Ачык айталы, анын тегерегиндегилер, атап айтканда, президенттик аппарат жетекчисинин орун басары, этностук, диний саясат жана жарандык коомчулук менен өз ара аракеттешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, президенттин алдындагы «Ыйман» фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков – бири улут графасын жоюп салуунун жигердүү тарапкери, экинчиси улут тууралуу түшүнүктү Батыш кыртышында кабыл алган киши катары белгилүү.

Бирок А. Атамбаев ошолордун жетеги менен, маселени терең териштирбей туруп, түпкү улуттун кызыкчылыктарына каршы чечим кабыл алса – анда тарыхта кыргыз атын кыргыз паспортунан өчүргөн өлкө башчысы катары гана тарыхта калаары анык. Анда буга чейин Көчмөндөр оюндарын уюштурганы да, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген баннерлерди бүт өлкөнүн аймагына илдиргени да бир тыйын болуп калды.

– Айтсаңыз улут графасынын жоюлушу кандай коркунучтарга алып келет же алып келиши мүмкүн?

Биринчиден миграцияга байланышкан коркунучтар. Азыркы тапта кыргыз улутундагы көп кишилер четке чыгып кетип, барган жеринин жарандыгын алып жатышат. Алардын ордуна айрым башка улуттагы жарандардын өтө тез көбөйүп жатканы жашыруун эмес. Өкмөт бул тенденцияны тескери жагына буруп, өлкөнүн өзүндө жумуш орундарын түзүп, Кыргызстанда кыргыз элинин үлүшүн чындап арбытуунун ордуна, мигранттар үчүн түзүлгөн шарттарды жеңилдетүүнү негизги багыт катары тандап алды.

 «Мигранттардын барып иштешине шарт түзөлү» деген сөз – түпкүлүгүндө «кыргыз ого бетер тентисин» деген сөз! «Кыргызстанда кыргыздар азайып, ордун башка улуттар бассын» деген сөз. Мындай шартта, мисалы, 40-50 жылдан кийин Кыргызстанда кыргыздар азайып, азчылыкты түзүп  калса – чыныгы коркунуч ошол.

Анда саясий маселелерде Кыргызстандын тагдырын кыргыздар эмес, улуту көрсөтүлбөгөн, бирок кыргыз жарандыгына ээ болгон башка адамдар чече баштайт. Кыргыздар улут катары өз кызыкчылыгын эч жерде коргой албай калат.

Анткени «улут» деген терминдин өзү – паспортто далилденбеген, эч жерде тастыкталбаган, чипке киргизсе киргизип, киргизбесе деле боло бере турган борпоң түшүнүккө айланат.

Экинчиден коррупцияга байланышкан коркунучтар. Акыркы учурларда коррупциялык механизмдер дал ушул паспорт маселесинде канчалык күч алганын турмуштук фактылар далай ирет көрсөттү. Паспорт берүү иштери коррупциялык ыкмалар менен, мисалы, 20-30 жылдан кийин кытайлыктар паспорт алып, каалашынча көбөйүп, дагы 50 жылдан кийин кыргыз жарандарынын атынан Кыргызстандын Кытайга кошулушу тууралуу же «эл аралык достук үчүн» кытай тилине расмий статус берүү боюнча маселе көтөрбөйт деген кепилдик барбы?

Кыргыз жарандыгын да, орус жарандыгын да алып алган орус тилдүү башка улуттагылар Маскөөңүн шыкагы менен «Орусиянын курамына кошулалы» деп 100 миң кол чогултуп киришсечи?

Азырынча андай болбойт деген кепилдик жок. Ошол кезде «сен кытайсың (же башкасың)» деп көр. «Эч кандай кытай эмесмин, сенден өткөн кыргызмын» дейт. Анткени паспорту боюнча  «кыргыз жараны». Ичи баягы эле кытай. Паспорт Кыргызстандыкы болуп чыгат.  Анда эмне кылмакчыбыз?

Үчүнчүдөн демографияга байланышкан коркунучтар. Кыргызстанда кыргыздар башка улуттагыларга салыштырмалуу саны жагынан өтө эле жайбаракат көбөйүп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Бул тенденция жакынкы жылдары дагы сакталып кала берчүдөй.

Жарандардын улуту так көрсөтүлүп турса – бул маселенин масштабын даана байкап, маселе көтөрүп, коңгуроо кагып, алдын алып, чара көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми улут тууралуу графаны жоюп салгандан кийин андай маселе коюлбай да калат.

Андыктан улут тууралуу графаны жападан-жалгыз жарандык документтен алып салуу – улут тууралуу далилдүү маалыматты жоюп салуу менен барабар.

Улутту адегенде паспорттон, андан кийин мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу чөйрөсүнөн, андан кийин дүйнө жүзүнөн жок кылууга багытталган, чындап келсе ири геосаясий борборлордун алысты көздөгөн кызыкчылыгы үчүн жасалган кадамдардын эң алгачкысы.

-Мындай улутка кыянаттык кылуу үчүн ташталып жаткан кадамдарга кантип бөгөт коюу керек? Же болбосо мындай кырдаалда эмне кылуу  керек деген суроо жаралат… 

-Жогоруда айтылган жагдайлардан улам, ички паспорттон улут тууралуу графаны алып салуу азыркы этапта таптакыр максатка ылайыксыз деген жыйынтык келип чыгат.

Ал тургай паспортторду даярдоо, берүү ишмердүүлүгүн улуттук коопсуздук маселеси менен түздөн түз  байланыштуу болгондуктан, жеке менчик фирмаларга берип салбастан толук мамлекеттик көзөмөлгө алуу зарыл.Ал эми сөз болуп жаткан  улуттук коопсуздук маселесин чечүүнүн төмөнкүдөй кадамдардан турган комплекси максатка ылайык:

1) Орус тилинин расмий статусун алып салуу, дегеле кыргыз тилинен башка бардык тилдерге кандайдыр расмий статус берүүдөн баш тартуу жана мамлекеттик тилди мамлекеттин бардык чөйрөлөрүнө, менчик формасына карабастан адамдарды тейлөөгө байланышкан бардык кызматтарга милдеттүү түрдө киргизүү.

2) Кош жарандуулук тууралуу нормалардын баарын алып салуу. Кош жарандуулуктун өзү эле – Кыргызстандын келечеги үчүн стратегиялык коркунуч.

3) Кыргызстандын жарандыгы сырттан келгендердин арасынан кыргыз улутундагы адамдарга гана бериле турган нормаларды кабыл алуу.

4) Жарандык берүүдө аны кабыл алып жаткан адамдын жарандык милдети башка бардык кызыкчылыктардан (жеке, диний, башка мамлекеттердин ж. б.) жогору тураарын моюнга алган милдеттенмени киргизүү. Мисалы, АКШда ушундай маанидеги ант – жарандыкка кабыл алуунун милдеттүү процедурасы болуп эсептелет. Ал жагын эмнеге туурабайбыз?

5) Кыргыз жарандыгын алгысы келгендердин баарынан кыргыз тилинен, кыргыз тарыхынан экзамен кабыл алууну мыйзам нормаларына киргизүү. Мындай көрүнүштөр да эл аралык тажрыйбада бар.

6) Башмыйзамдагы абстракттуу «адам укуктарын» конкреттүү Кыргыз Республикасынын элинин укуктарынан жана кызыкчылыгынан жогору койгон нормалардын баарын жокко чыгаруу. «Адам укуктары» башка бардык тараптар үчүн иштеп, Кыргызстандын өзөгүн түзгөн кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы үчүн келгенде эле бир да маселе боюнча иштей элек.

7) Түзүлүп жаткан маалымат базасына адамдын өзүнүн эле эмес, анын ата-энесинин, 7 муунга чейинки ата-бабасынын мамлекетке каршы кылган кылмышы тууралуу маалымат үчүн атайын графа киргизип, эгерде андай фактылар бар болсо – чиптеги графада атайын чакан белги коюу. Мунун тарбиялык мааниси бар. Кыргыздын кызыкчылыгына каршы иш кылган ар бир адам укум-тукумуна чейин уят болоорун эмитен эле билсин.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

19 − 7 =