Дубнов: “Бишкек Казакстандан кечирим сурашы керек”

3

Каганат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга карата айткан сын пикирлери боюнча Бишкек коңшу мамлекеттен кечирим сурашы керек. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча саясий эксперт Аркадий Дубнов билдирди.

Айтымында, эгерде кечирим суроо болбосо анда бул абал көптөгөн эл аралык уюмдардын дагы ишине таасирин тийгизиши мүмкүн.

“Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле начарлашы мүмкүн. Качып кеткен президентти Казакстан колдогону тууралуу жана башка сын пикирлер жөн калбайт. Бишкек өлкө башчысынын атынан кечирим сурамайынча жана Атамбаев кыргыз бийлигинин башында турганда эки өлкөнүн ортосундагы мамиле татаалдай берет. Эгерде шайлоодон утуп калса президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков дагы кечирим сурашы керек болот. Ага чейин өлкө башчылары кезиге турган ЖККУ, ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрү кантип иштешет элестете албай турам”,-деген Дубнов.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып жатып Нурсултан Назарбаевди бир топ сынга алган сөз сүйлөгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

3 билдирүү

  1. Бирдик 10 October, 2017 at 08:45 Жооп берүү

    Казактар анзыз деле кызым корсотуп жатпайбы, жон эле кээбир казактар айта албаган кепти айтып койду туп туура жаштарга беруу керек

  2. Черикбаев Мирулан 10 October, 2017 at 11:47 Жооп берүү

    Эн туура айтылган соз! Атамбаев эн туура сын атйтты! Аны кээ бир казак туугандар деле айтып жатышат!
    Эмне эле ушул келесоо Дубновдон интервью ала беришет! Бизге тийишпей озунчо оокатын кылбайбы!!!!

  3. Рысбек 10 October, 2017 at 17:02 Жооп берүү

    Қазақтар өздері біледі кімді президент ретінде көргісі келетінін.
    Бул қазақтардың өзнің шаруасы.
    Біз Қазақстандықтар Қырғыз елінен ақыл сурамаймыз.
    Сондықтан Қырғыздар басқа елдің шаруасына араласқанша , өздеріңдегі проблемаларды шешіңдер .

Пикир

17 − эки =