Жумакадыровдун унаасы менен кагышкан КаМАЗдын айдоочусу 2 айга камалды

Каганат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун унаасы менен кагышкан КаМАЗдын айдоочусу 2 айга камакка алынды.

Маалым болгондой, 25 жаштагы жүк ташуучу унаанын айдоочусуна карата баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ал тергөө иши аяктаганча Бишкектин №1 СИЗОсунда камакта болот.

Эске салсак, жол кырсыгы  7-октябрда Москва районуна караштуу Садовое айылында болду. КамАЗ менен Land Cruiser сүзүшүп, вице-премьер Темир Жумакадыров, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов көз жумду.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

бир × бир =