БШКнын мүчөсү: “Бабанов президенттик шайлоодон четтетилбеши керек”

2

Каганат.

Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон четтетилбеши керек. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Айтымында, талапкерди шайлоодон четтете турган убактысы өтүп кеткен. Башкача айтканда, 9-октябрга чейин БШК талапкерди шайлоого катышуудан четтете алмак.

“Мыйзамга ылайык талапкер мыйзам бузуп, бир ирет эскертүү алган болсо добуш берүүгө беш күн калганга чейин БШКнын ошол талапкердин каттоосун жокко чыгарып койгонго укугу бар. Ошондой эле талапкер өз каалоосу менен шайлоого 3 күн калганда талапкерлигин алып койсо болот”,-деди Абдрахматова.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

2 билдирүү

Пикир

жыйырма − алты =