Футбол: Бүгүн Кыргызстан менен Мьянма курамалары беттешет

0

Каганат.

Футбол федерациясынан билдиришкендей Кыргызстан менен Мьянманын ортосундагы беттеш  бүгүн 10-октябрда өтөт.

Маалым болгондой, жолугушуу атаандаштын талаасында, Янгон шаарында болот.

Футбол боюнча Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынын 4-турунун алкагында боло турган Мьянма-Кыргыз беттешинин башталуу убактысы жылдырылды. Беттеш уюштуруучулардын суранычы менен 1 саат алдыга жылдырылган. Аталган беттеш 10-октябрда Мьянманын Янгон шаарында өтөт, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 18:30да башталат. Бул беттеш 5-сентябрда болбой калган оюнга жооптук оюн болмокчу.

 Эске салсак, Мьянма менен футбол беттеши 5-сентябрда эле Бишкекте өтмөк.

Бирок аталган өлкөдөгү аскердик иш-аракеттерге байланыштуу коопсуздук максатында мөөнөтү жылдырылган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он төрт − төрт =