Атамбаевдин айткандары карапайым калкка кедергесин тийгизүүдө

0

Каганат.

Элибизде “ойлонбой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат” деген жакшы сөз бар. Ошондуктан кыргыз эли бир ишти баштарда, сөз сүйлөрдө жети өлчөп бир кесип келишкен. Ал эми учурда президент Алмазбек Атамбаев кыргыздын накыл кептерин унутта калтырып, ойду-тоону карабай сүйлөгөнүнүн кесепети карапайым калкка тийүүдө.

Казакстандын президенти нурсултан Назарбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп койгонуна териккен ажобуз казак боордошторго карата бир топ сын айтып, кечээ эле “акелеп, колтукташып” жүргөн Назарбаевди Атамбаев бир заматта сындап жатып калган болчу.

Эми минтип карапайым калк айтылган сөздүн азабын тартып, кыргыз-казак чек арасында кыргыз жарандары узун кезекке тизилип, катуу текшерүүдөн өтүп жатыптыр.

Күнүнө миңдеген кыргызстандыктар жана унаалар өтүүчү  “Кордай”, “Чоң-Капка” өткөрмө пунктунда учурда унаалар жана элдер жык жыйма болуп, Атамбаевге нааразы болгондордун саны өсүүдө.

Кызматынан кетерде жыландын башын кылтыйтпай, тынч кетпейт беле дегендер андан көп. “Кетер кыздын керээзи, кейип калсын жеңеси” дегендей Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин артында жакшы сөз калбай эле кыргыз-казак мамилесин татаалдаштырып, боордоштор менен мамилени чыңалтып кеткен деген жаман ат калбаса болду.

“Төшөгүңө карап бутуңду узат” дегендей өлкөдөгү абалга бир абай салып, андан соң коңшуларды сындаса деле жарашмак дегендер да жок эмес. “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрө калган” ажонун айткандарынын кесепетинен кыргыз эли дагы азап жебесе болду. Дегенибиз Казакстанда миңдеген мекендештерибиз мигрант болуп, үй-бүлөсүн багып келет эмеспи.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 3 =