Кыргызстандын чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипке иш алып барууда

Каганат.

Мамлекеттик чек ара кызматы билдигендей, Кыргызстандын чек ара кызматы шайлоого байланыштуу 10-октябрдан тарта күчөтүлгөн тартипке өттү.  

Маалым болгондой, буга байланыштуу чек арадагы өткөрмө бекеттеринде унаа жана жүргүнчүлөрдүн тыгыны жаралууда.

Бирок, чек араны өтүү үчүн Кыргызстан тарап эч кандай чектөө киргизген жок.

Чек арачылар убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

Эске сала кетсек, Казакстан чек арадагы текшерүүлөрдү күчөткөнүн Кыргызстандын чек ара кызматы билдирди. Карапайым калк буга президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөнү себеп болгонун билдиришип, нааразы болууда.

Булак:Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

18 − он бир =