Түркмөнстанда ондогон айылдар мобилдик байланышы жок калышты

0

Каганат.

Түркмөнстанда ондогон айылдар МТС компаниясынын түйүнүнөн өчүрүлгөндөн кийин мобилдик байланышы жок калышты.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, Балкан облусундагы бир нече айылдарда мобилдик байланыш толугу менен жок. “Алтын асыр” мобилдик байланышынын кызматынан колдонуу үчүн жашоочулар 70-80 чакырым жол жүрүүлөрү керек.

Түркмөнстанда 29-сентябрга караган түнү МТС түйүндөн өчүрүлгөн. Ашхабаддагы “МТС-Түркмөнстандын” кардарлары интернетсиз калышкан. Бирок мобилдик байланыш иштеп жаткан. Ал эми Түркмөнстандын көпчүлүк аймактарында интернет жана мобилдик байланыш үзгүлтүккө учураган.

Мамлекет район борборлорунан 200-300 чакырым алыс жайгашкан ондогон айылдарда стационардык линиялар аркылуу телефон кызматтарын көрсөтүү боюнча профилактикалык иштерди жүргүзбөй келет.

Бөлүшүү:

Пикир

төрт × 5 =