9 ай ичинде ишкер субьекттердин салыктары 57,7 млн сомго азайган

0

Каганат.

Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын 9 айында жалган ишкердик субьекттерге күмөн саноо боюнча салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында 14 мыйзам бузуу фактысын аныктады.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында салыктардын суммаларынын 57,7 млн сомго, анын ичинде негизги салык 50,4 млн сом өлчөмүндө азайгандыгы белгиленди.

Алсак, “Пульт-Строй” ЖЧК менен өз ара катышы бар ишкер субьекттер боюнча (сот тартибинде жалган ишкерлик иш жүргүзгөн субьект деп табылган) 19 салыктык текшерүү, анын ичинде 4 көчмө, 2 камералдык текшерүү жана 13 кайра текшерүү жүргүзүлгөн.

Алардын жыйынтыгы боюнча КНС суммаларын чегерүүдөн 9,6 млн сом эсептен чыгарылган, анын ичинде негизги салык 6,5 млн сом. Ошол эле мезгилде салык милдеттенмелеринин келип түшүүсү 3,2 млн сомго камсыз кылынган.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

14 − 6 =