Бүгүн Панфилов эс алуу паркында жаңы аттракциондун ачылышы болот

Каганат.

Мэриядан билдиришкендей, бүгүн Панфилов эс алуу паркында жаңы аттракциондун ачылышы болот.

Маалым болгондой, бүгүн Бишкекте жаңы чимирик аттракционуна арзандатылган баада  түшсө болот. Салтанаттуу ачылыш азем кечки саат 7ге белгиленди.

Эске салсак, Панфилов эс алуу багындагы “шайтан дөңгөлөк” былтыр алынып салынган.

Анын ордуна эки эсе бийик — 50 метрлик чимирик орнотулду.

Жаңы аттракциондун өзгөчөлүгү — ал кондиционер жана жылуулук менен камсыздалып, бардык мезгилде тургундарды кубандырып турат.

Ал эми түнкүсүн жанган шам чырактардан чимирикти алыстан байкаса болот.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − төрт =