Бишкекте маммологдор айымдарды бекер текшерүүдөн өткөрүшөт

0

Каганат.

16-21-октябрь күндөрү Маммологиялык борбордо жана улуттук онкология борборунун поликлиникасында айымдарды маммологдор бекер текшерүүдөн өткөрүшөт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 14:00гө чейин каалоочулар үчүн эшик ачык.

Маммологиялык борбор «Маммология» коомдук фонду менен биргеликте өткөрүп жаткан ачык эшиктер күнүндө айымдар эмчек рагы, анын алдын алуу, өз алдынча текшерүүлөрдү жүргүзүү тууралуу маалымат ала алышат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

16 − 3 =