БШК Атамбаевдин үстүнөн жазылган арызды канааттандырган жок

0

Каганат.

11-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу жарандык активист Адил Турдукуловдун президент Алмазбек Атамбаев үстүнөн жазган арызын канааттандырган жок.

Жумушчу топтун мүчөсү Бакытбек Самаков президент мамлекеттик кызматкер болуп эсептелбей турганын жана анын кол тийбестик макамы бар экенин билдирди.

Эске салсак, жарандык активист Адиль Турдукулов БШКга президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жазган.

Анда 7-октябрда өлкө башчысы мугалимдерге сыйлыктарды тапшыруу аземинде президенттикке талапкерлердин бирине үгүттөгөнү үчүн эскертүү берүүнү талап кылган болчу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − эки =