Казакстан чек арада пландык текшерүү жүрүп жатканын билдирди

Каганат.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) пландык чек ара оперециясы жүрүп жатканын билдирди. Комитеттин 11-октябрда тараткан билдирүүсүндө операция бардык мамлекеттик чек араларда, анын ичинде казак-кыргыз тилкесинде өтүп жатканы айтылат.

Иш-чаранын максаты – кылмыштуу топторго тиешеси бар кишилерди аныктоо жана чек ара режиминин сакталышын көзөмөлдөө.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетине караган чек ара кызматы чек арадан өткөн кишилерди, транспорт каражаттарын, жүк жана товарларды текшерүүнү күчөттү. Ошол эле маалда чек арадан өтүүгө чектөө киргизүү же тыюу салуу болгон жок деп айтылат билдирүүдө.

10-октябрдан тарта кыргыз-казак чегиндеги “Кордай”, “Ак тилек”, “Чалдовар” жана Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандардын, автоунаалардын өтүшү кыйынга туруп, узун кезек пайда болгон.

11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалды сүйлөшкөн. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганы кабарланган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, казак тарап 11-октябрда кечки саат 23:00дө көзөмөл-өткөрмө бекеттеринен жарандарды өткөрүү жол-жобосун жеңилдеткен. Анын натыйжасында кезекте турган жарандар бир жарым сааттын ичинде койо берилген. Бүгүн, 12-октябрда эртең мененки саат 8:00дөн баштап казак тарап жарандарды өткөрүү процедурасын кайра жайлатып, мунун айынан “Ак жол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде жарандардын узун кезеги байкалууда.

 

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 12 =