Кыргыз-казак чек арасында адамдар, унаалар дагы деле кезекте турушат

Каганат.

«Ак-Жол-унаажол» өткөрүү бекетинде дагы деле жүк ташуучу унаалар кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 13:30га карата «Ак-Жол-унаажол» өткөрүү бекетинде 250гө жакын адам жана 200гө жакын унаалар турат. Ал эми Казакстан тараптан келе жаткан «Кордай-унаажол» өткөрүү бекетинде 25 унаа кезекте турат.

Ал эми «Ак-Тилек-унаажол» өткөрүү бекетинде адамдардын саны аз болгону менен 150 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Казакстандык чек арачылар ар бир унааны 30 мүнөттөн текшерип жатышат.

«Чалдыбар», «Токмок» жана «Чоң-Капка-унаажол» өткөрүү бекетинде адамдар кезекте турган жок, бирок 15-50 унаа бар. Өткөрүү бекеттеринин жанына жылынуу жана тамактануу үчүн чатырлар тигилди. Ошондой эле “тез жардам” кызматы бар”,-деп жазылат билдирүүдө.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × 2 =