Кыргыз өкмөтүнүн калпы чыкты!!! Казакстан: Назарбаев Исаков менен сүйлөшкөн эмес

0

Каганат.

Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Кыргызстандын өкмөт башчысы Сапар Исаковдун Facebook баракчасына жазган Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү тууралуу  маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты жазып чыкты.

“Биринчиден Сочи шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти кыргыз өкмөт башчысы менен сүйлөшкөн эмес. Сапар Исаков биздин мамлекет башчыбызга жакын келгени чындык. Ошол маалда Facebook баракчадагы сүрөт тартылган”,-деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле казак башчысы Казакстандын өкмөтүнө чек арадагы маселелерди чечүү тууралуу тапшырма берген деген маалымат чындыкка дал келбей турганы белгилүү болду.

“Чындыгында бул маселе боюнча өкмөттөр аралык кеңешме өткөрүү тапшырмасы берилген. Чек арада текшерүүнү күчөтүү мыйзам чегинде жана казакстандык жана чет элдик жарандардын укугун бузбай жүргузүлүүдө”,-деп жазылат маалыматта.

Аны менен катар эле бул кыргыз-казак чек арасындагы атайын плндалган чек ара операциясы экенин жазат казак өкмөтү.

“Пландык чек ара операцияларынын негизги максаты – чек арадагы мыйзамсыз иштердин алдын алуу, террористтик, аткезчилик жана башка кылмыштарга катыштыгы барларды аныктоо, миграциялык мыйзамдын сакталуусун текшерүү”,-деп кабарлашты.

Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы кесиптештери тарабынан жалган маалыматтын тарашы боюнча эч нерсени түшүнбөй жатканын жана так, туура маалыматтарды берүү үчүн баардык ММКлар менен иштешүүгө даяр экенин билдирди.  

“Кыңыр иш кырк жылда билинет” дейт. Учурда технология өнүккөн заманда 40 жыл эмес 1 күн өтпөй бакыйган өкмөт башчынын калпы калкып чыгып оутрат. Кечээ эле казак чек ара кызматы бул профилактикалык иш экенин билдиргени менен казак өкмөтүнүн атынан Кыргызстандын өкмөтү сүйлөгөнүн түшүнбөй башыбыз маң.

Кыргыздар болсо Сапар Исаковду айга-күнгө теңеп, болушунча мактап, ага өтө ыраазы болуп жатышкан. Бүтүндөй өлкөнүн өкмөтүн башкарып турган адам интернет аркылуу калп маалыматтарды таратып жатса, бул башка аткаминерлерге кандай үлгү болот?

Анан дагы казак өкмөтүнүн атынан сүйлөгөнгө Кыргызстанга ким уруксат берди деген суроо туулат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × беш =