Райкан Төлөгөновдун соту эртең уланат

0

Каганат.

Бүгүн, 12-октябрда Биринчи май райондук сотунда экс-депутат Райкан Төлөгөновдун соттук отуруму каралды.

 Отурумдун жүрүшүндө Райкан Төлөгөнов өзүн жаман сезгендиктен соттук отурум эртең каралмай болду.

Эске салсак,  “Ата-Мекен” фракциясынын экс-депутаты Райкан Төлөгөнов 2010-жылдын апрелиндеги мародерчулук фактысы боюнча камакка алынган. Ага карата Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси ” талап-тоноону уюштуруу” жана 241- беренеси ” ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү” боюнча иш козголгон.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

3 + 10 =