9 айда 52 млрд сомдон ашык салык чогулду

0

Каганат.

2017-жылдын январь-сентябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 52 млрд 37 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 100%га аткарылды.

2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 345,7 млн сомго же 9,1%га көбөйгөн. Ошол эле учурда сатуу салыгын кошпогондо (ал боюнча 2016-жылы бошотуулар берилген) келип түшүү 6 млрд 283 млн сомго же 14 7 пайызга көбөйгөн.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 + он тогуз =