Бишкекте жылуулук качан берилери белгилүү болду

Каганат.

Бишкекте жылуулук 17-октябрда берилип баштайт. Тиешелүү буйрукка мэр Албек Ибраимов кол койгонун мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, жылуулук берип баштоо бир нече күнгө созулат.

“Алгач мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөтканаларга берилет. Андан соң көп кабаттуу үйлөргө, өнөр-жай ишканаларына берилет”,-деп жазылат маалыматта.

“Кыргызгидромет” агенттигинин маалыматына ылайык, 18-октябрда абанын температурасы 1 -3 градуска төмөндөп, жаан жаашы күтүлүүдө. Жаан карга айланышы ыктымал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 19 =