Эртең үгүт иштери токтотулат

0

Каганат.

Бүгүн үгүт иштерин жүргузүүнүн акыркы күну. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам боюнча 2017-жылдын 14-октябрында Кыргызстан боюнча үгүт иштери токтотулат.

Бул күнү Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзүүгө укуктары жок.

“Ошондой эле, үгүт жүргүзүү үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары үгүт жүргүзүүгө укуктары жок”,-деп жазылат маалыматта.

Шайлоо процессинин катышуучулары тарабынан мыйзам бузулган учурда БШК аларга карата чара көрүүгө укуктуу.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 − 12 =