Феликс Кулов мыйзамды билбеген БШКнын көзүн ачты

0

Каганат.

Өлкөдө баардык жарандардын укуктары бирдей экенин далилдөө үчүн БШК президент Алмазбек Атамбаевге эскертүү бериши керек болчу. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда маалымат жыйында Феликс Кулов билдирди.

Айтымында, жарандык активист Адиль Турдукулов БШКга Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жазганда, ажо мамлекеттик кызматкер эмес жана анын кол тийбестик укуктары бар деген жооп келген.

“Мыйзамда мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерин жүргүзбөөсү керек деп жазылган эмес. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери деп жазылган. Президент институту мамлекеттик орган. Президент бул мамлекеттик органдын кызматкери, ошондуктан үгүттөөгө акысы жок”,-деди ал.

Ошондой эле Кулов президент БШКнын бул билдирүүсүнөн кийин президент жергиликтүү калк менен жолугушууларды көп өткөрө баштаганын кошумчалады.

“Ал элди “биздин талапкерге” салгыла деп үгүттөп жатат. Бул дагы мыйзамга каршы келет. Конституцияга ылайык, шайлоо маалында президент өз партиясы менен байланышын токтотууга милдеттүү. Мыйзам баарына бирдей жана аны баарыбыз сакташыбыз керек. Мураскер болбойт деп, кайра бир талапкерге үгүт жүргүзүп эмне кереги бар”,-деди Кулов.  

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

20 + 17 =