Кыргыз-казак чек арасында биздин 65 жаран кармалды

Каганат.

Коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети билдиргендей, кыргыз-казак чек арасында биздин 65 жаран кармалды.

Маалым болгондой, кеп миграциялык жана чек ара бузуучулар жөнүндө болуп жатат. Алардын айрымдарында ок-дарылар табылган, дешет сакчылар.

10-октябрдан бери жалпысынан өткөрүү түйүндөрүндө ар кайсыл өлкөнүн 100дөн ашык жараны кармалган.

Казакстандын атайын кызматы чек арадан кыргызстандыктарды өткөрүү азайбаганына ишендирүүдө.

Каттуу тинтүү 15-октябрда Кыргызстанда өтүүчү президенттик шайлоого карата күчөтүлгөнүн аталган жайдан кошумчалашты.   

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

үч × 4 =