Штаб: “Жалган маалымат тараткан Сапар Исаков бүгүн отставкага кетиши керек”

0

Каганат.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы ММКлардын биринде пайда болгон Сапар Исаковдун айткан сөзү боюнча билдирүү жасады.

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында сөз сүйлөгөн өкмөт башчы Сапар Исаков: “Кайсар Абылкасымов 25 млн доллар менен кармалганы Орусиянын Ички иштер министрлигинин телеграммасында жазылган. Бул президенттикке талапкердин жакын оң колу. Балким бул Кыргызстанга келе турган акча болчу” – деп айткан.

 Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев бул маалыматтын жалган экенин билдирди.

Анын айтымында,  Абылкасымов учурда ата-энеси менен Алматы шаарында.

“Өкмөттүн шайлоо процессине кийлигишүүсү премьер-министр Сапар Исаковго чейин жетиптир. Ал уялбай президенттикке талапкер боюнча жалган маалымат таратууда. Сапар Исаковдун дезинформациясы анын отставкасына алып келиши керек. Исаков бүгүн дароо кызматынан кетиши керек”,-деди Намазалиев.

Ошондой эле ал Абылкасымов бабановдун оң колу эмес экенин жана шайлоого катыштыгы жок экенин кошумчалады.

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

5 × төрт =