Шыкмаматовдун сотунда котормочуга нааразы болушту

0

 

Каганат.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча соттук отурум өттү. Анын жүрушүндө котормочуга байланыштуу нааразычылыкта чыкты.

“Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юкселдин сөзүн которууга чакырылган котормочу немис тили боюнча мугалим болуу үчүн гана жогорку билими бар экендигин айтты. Ошондой эле буга чейин соттук отурумдарда котормочулук ишин аткарбаганын кошумчалады.

Буга депутат Алмамбет Шыкмаматов жана анын жактоочусу нааразы болушту.

“Буга чейин Юксел котормочу ката которуп жатканын айтып, нааразы болгон. Котормочу документ менен иш алпаруусу керек”,-деди жактоочу Чынара Жакупбекова.

Шыкмаматов болсо мугалим менен котормочунун айырмасы чоң экенин айтты.

Бирок сот ал котормочуну соттук отурумга катыштырбоо өтүнүчүн четке какты.

Эске салсак, Шыкмаматовго карата Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши  козголгон.

Депутат 2011-жылы Эсептөө палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык «Мерседес-Бенц» Е320 үлгүсүндөгү автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу Эсептөө палатасына сатып алууга аралашкан деп айыпталууда.

Ал учурда бул унаанын базар баасы 10 миң доллар гана болгонун белгилешкен укук коргоо органдары.

Шыкмаматов болсо күнөөсү жок экенин айтып келет.

Депутат менен бирге эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев, “Барат Люкс” ишканасынын директору Али Юксел да айыпталышууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + он тогуз =