Бишкекте спортчулар аллеясы пайда болду (фото)

Каганат.

Бүгүн, 14-октябрда Масалиев (Туштүк магистраль) көчөсүнүн Ч.Айтматов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Бул жер спортчулар аллеясы деп аталмай болду.

Спортчулардын жана шаар тургундарынын жардамы менен “Жашылдандыруу” ишканасы 9240 м2 жерге арча, липа, клен дарактарынын көчөттөрү отургузду.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш балдарга ар түрдүү суроолор узатылып, аларга үйдө өсүүчү гүлдөр белекке берилди.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз + 9 =