Бильярдчы Дастан Лепшаков эл аралык мелдеште жеңишке жетишти

0

Каганат.

Кыргызстандык  бильярдчы Дастан Лепшаков Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 9-14-октябрь аралыгында өткөн бильярд боюнча эл аралык мелдеште жеңишке жетишти.   

Маалымдалгандай,  аталган мелдеште 9 өлкөдөн 206 спортчу катышып байгелүү орундар үчүн күч сынашкан. Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 10 спортчу катышкан, алардын ичинен Дастан Лепшаков байгелүү орунга ээ болгон.

 Ал жалпы 7 беттешке катышып, 123 упай топтоп 1-орунду ээлеген. Финалдык баскычта Кыргыз спортчу өзбекстандык Александр Сидоров менен беттешип 6:2 эсебинде жеңип алган.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × үч =