Кочкоров: “Мугалимдерге, дарыгерлерге эч качан мындай басым болгон эмес”

0

Каганат.

Президенттикке талапкерлигин койгон Улукбек Кочкоров шайлоо тууралуу өз пикирин билдирди. Айтымында, басым аркылуубу же акча аркылуу тандоо болдубу, эл тандоо жасады.

“Азыр кандай шарт менен тандоо болгон болсо ошондой башчы келет. Бүгүн демокртаия орноду деген ой менен макул эмесмин. Мыйзам чегинде “оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн” деген заманга келдик”,-деди ал.

Ошондой эле шайлоо тынч өттү дешкени менен бир топ мыйзам бузуулар болгонун кошумчалады.

“Урнаны карап отуруп, башка талапкерлерге салгандардын колунан бюллетенди жулуп алып, айрып салгандар да болду. Бүгүн административдик ресурс, криминал, диний чөйрө дагы толугу менен иштеди”,-деди ал.

Аны менен катар эле мамлекеттик кызматкерлерге бийлик тарабынан бир топ басым болгонун билдирди.

“Мугалимдерге, дарыгерлерге эч качан мындай басым болгон эмес. Бул бийликтин демократия жолуна тушүп жатабыз дегенине макул эмесмин”,-деди Кочкоров.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

алты − эки =