Шайлоо-2017: Туулган жер өз уулдарын кандай “барктайт”

Каганат. 

 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо, Ажолукка ат салышкан талапкерлерди кичи мекени жана өлкөбүздөгү шайлоого катышкан жарандарыбыз канчалык деңгээлде колдогонуна төмөндө  KAGANAT сайты саресеп салып көрөт.

№ 1  Зарлыков Эрнис Зарлыкович

Эрнис Зарлыков  1967-жылы 5-сентябрь күнү Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Талапкердин кичи мекенинен 617 шайлоочу, ал эми өлкө боюнча 1531 адам аны Ажо катары көргүсү келген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча 245 962 ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Анын ичинен 1 531 жаран Эрнис Зарлыковичге өлкө башчысы болот деп ишеним арткан.

№ 2  Үметалиева Токтайым Жумаковна

Токтайым Жумаковна 1962-жылы 4-апрелде Талас дубанынын, Талас аймагына караштуу Бакай-Ата аймагында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Талас облусу боюнча 78 808 жаран шайлоого катышып, 53 жаран аны президенттик тактан көргүсү келсе, туулган айылы Бакай-Атадан 17 422 жаран шайлоого катышып, анын ичинен 14 жаран Токтайым Үметалиеваны Ханайым катары көргүсү келген.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 78 808 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Анын ичинен 1 426 шайлоочу Токтайым Жумаковнаны Ажолук  тактан көрөм деп ишеним арткан.

№3 Сариев Темир Аргембаевич

Темир Аргембаевич 1963-жылы 17-июнь күнү Чүй дубанына караштуу Сокулук аймагына караштуу Төш-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Чүй облусу боюнча 245 124 жаран шайлоого катышып, 15 514 адам аны өлкө башчысы болот деп ишеним артса, туулган айылы Төш-Булакта 811 шайлоочунун 711 Темир Аргембаевичти Калк атасы болсо деп добуш берген.

Белгилей кетсек Чүй облусу боюнча  245 124 адам ал эми Кыргызстан боюнча 1 673 447 жаран  шайлоого катышып, 42 886 адам Темир Сариевге зор ишеним арткан.

№ 4 Кочкоров Улукбек Тойчубаевич

Улукбек Тойчубаевич 1974-жылы 24-июнь күнү Баткен дубанына караштуу, Баткен аймагынын Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Баткен облусу боюнча  125 299 жаран шайлоого катышса, 4 048 адам Улукбек Тойчубаевичти Журт эгеси катары көргүсү келген. Ал эми туулган айылы Кара-Бактагы  8065 номериндеги шайлоо устогуна 1341 жаран шайлоого келип анын ичинен 338 адам, ал эми 8066 шайлоо участогуна 886 шайлоочу добуш берсе анын ичинен 129 жаран Улукбек Кочкоровду өлкө башчысы катары көргүсү келген.

Жалпысынан Баткен облусу боюнча 125 299  адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышса 8363 шайлоочу өз добушун Улукбек Кочкоровго берген.

№ 5 Масадыков Таалатбек Шамудинович

 

Таалатбек Шамудинович  1961-жылы Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Талапкердин кичи мекенинен шайлоого 245 962адам катышса, 5 539 шайлоочу Таалатбек Масадыковичти өлкө башчысы катары көргүсү келген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча 245 962 ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Анын ичинен 10 594 жаран Таалатбек Шамудинович    Ажолук тактан көргүсү келген.

№ 6 Бабанов Өмүрбек Токтогулович

Өмүрбек Токтогулович 1970-жылы 20-майда Талас дубанына караштуу, Кара-Буура аймагынын Чымкент айылында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Талас облусу боюнча 78808 адам шайлоого катышса, 67481 жаран, ал эми Кара-Буура району боюнча 20282 шайлоочудан 16 660 Өмүрбек Бабанов Журт Эгеси болот деп үмүт арткан.

Туулган айылы Чымкенттеги 6035 номериндеги шайлоо участогунан 1261 шайлоочунун 1209 шайлоочусу, ал эми 6037 номериндеги шайлоо участогунда 831 шайлоочунун 818и Өмүрбек Токтогуловичке ишеним арткан.

Белгилей кетсек, Талас облусу боюнча 78 808 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Анын ичинен 564 573 шайлоочу Өмүрбек Бабанов Калк Атасы катары көргүсү келген.

№ 7 Абдылдаев Арстанбек Бейшаналиевич (Арстан Алай)

Арстанбек Бейшаналиевич 1968-жылы 28-апрелде Нарын дубанына караштуу Ат-Башы аймагынын Дыйкан айылында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Нарын облусу боюнча 89 312 адам шайлоого катышып, Ат-Башы району боюнча 15 637 шайлоочунун ичинен 140 адам Арстан Алайды өлкө башчысы катары көргүсү келген.

Ал эми туулган айылы Дыйканда 240 шайлоочу болсо анын ичинен 55 адам Арстан Абдылдаевдин талапкерлигин колдогон.

Белгилей кетсек, Нарын облусу боюнча 89 312 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. 1 989 шайлоочу, Арстан Алайды Ажолук тактан  катары көргүсү келген.

№ 8 Бекназаров Азимбек Анаркулович

Азимбек Анаркулович 1956-жылы 5-ноябрда Жалал-Абад дубанына караштуу Айсы аймагынын Кара- Суу айылында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени жалал-Абад облусу боюнча 295 745 адам шайлоого катышып, 741 жаран, Аксы району боюнча 34 841 шайлоочунун ичинен 125 адам Азимбек Бекназаровду өлкө башчысы катары көргүсү келген. Ал эми туулган айылы Кара-Сууда 585 шайлоочунун 11и Азимбек Анаркуловичке ишеним арткан.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча 295 745 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Анын ичинен 2 734 шайлоочу, Азимбек Бекназаровду Атамбаев «ордунан» көргүсү келген.

№ 9 Жээнбеков Сооронбай Шарипович

Сооронбай Шарипович ш дубанына караштуу Кара-Кулжа аймагынын Тельман айлыныда 1958-жылы 16 –ноябрда жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Ош облусу боюнча 344 185 шайлоочунун ичинен 246 980 жаран, Кара-Кулжа району боюнча 24 305 шайлоочудан  23 758 адам талапкер өзүн жарнамалагандай эле  «кербен башчысы» катары көргүсү келген. Ал эми туулган айылы Тельмандагы 5009 шайлоо участогунан 1 126 шайлоочу ал эми 5010 шайлоо участогунан 1 070 адам Сооронбай Шариповичке добушун берген.

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча 344 185 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Ал эми 917 219 шайлоочу Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин «мураскери» болсо болот деп добуш берген.

№ 10 Мадумаров Адахан Кимсанбаевич

 

Адахан Кимсанбаевич  1965-жылы 9 марта Ош дубанынын Узген аймагына караштуу Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Ош дубаны боюнча 344 185 шайлоочунун ичинен 29 873 адам, Өзгөн району боюнча 58 232шайлоочунун, 8 596 Адахан Мадумаровду Хан тактысынан көргүсү келген

Туулган айылы Куршабдагы 5050номериндеги шайлоо участогунда 390адам, 5051 участогунан 366, 5052 шайлоо участогунан 243 адам Адахан Кимсанбаевичти Журт Эгеси катары көргүсү келген.

Белгилей кетсек, Ош облусу боюнча 344 185 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Ал эми 108 423шайлоочу Адахан Мадумаровду Кыргыз Республикасынын президенти катары көргүсү келген.

№11 Малиев Арсланбек Касымакунович

Арсланбек Касымакунович 1957-жылы 8-октябрда Жалал-Абад шаарында жарык дүйнөгө келген.

Талапкердин кичи мекени Жалал-Абад облусу боюнча 295 745 адам шайлоого катышып, анын ичинен 94 жаран, ал эми Жалал-Абад шаары боюнча 35 551 шайлоочунун 9у Арсланбек Касымакуновичти өлкө башчысы катары көргүсү келген.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча 295 745 адам, ал ал эми өлкө боюнча  1 673 447 жаран  шайлоого катышкан. Анын ичинен 1 595 шайлоочу, Арсланбек Малиевди Ажолук тактан көргүсү келишерин далилдешкен.

Булак: Каганат. 

 

Бөлүшүү:

Пикир

10 + он жети =