Таластагы митингчилер Бабановдун келишин талап кылышууда (фото)

0

Каганат.

Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун тарапташтары чогулуп митинг өткөрүүгө камынууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы массалык маалымат каражаттарына билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Талас шаарында Өмүрбек Бабановдун штабынын алдында 3000ге жакын  киши чогулуп турушат.  Алар президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, митинг өткөрүүнү пландап жатышканы айтылууда.

Митингчилер Өмүрбек Бабановдун келишин талап кылып жатышат. Чогулгандар менен облус жетекчиси Даир Кенекеев жолугуп, элди тынчтыкка чакырды.

Ал эми   “Өмүрбек Токтогулович маалымат жыйыны учурунда Таласта элдердин чогулуп жатканы боюнча “Таласта элди мен чогултуп жаткан жокмун. Аны силер билесиңер да, мен эч кимди чогултуп, элди чыгарайын деген оюм жок” деп билдирген.

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 − жети =