Кыргызстанда 45 миң сомдук стипендияны 8 спортчу алат

0

Каганат

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, Кыргызстанда 45 миң сомдук стипендияны 8 спортчу алат.

Маалым болгондой, эң жогорку категориядагы жөлөк пулдарды ай сайын балбандар Айсулуу Тыныбекова, Догдурбек уулу Элеман, Каныбек Жолчубеков, дзюдочулар Каныбек уулу Илгиз, Юрий Краковецкий, пауэрлифтерлер Эсен Калиев менен Жыргал Орозбаев, жеңил атлетчи Дарья Маслова алат.

Ал эми Биринчи категориядагы 25 миң сомдук стипендияга 41 спортчу ээ.

Жалпысынан наамдарына жараша жөлөк пулдар 2 миң сомдон башталат.

Белгилей кетсек, өкмөт 2019-жылдан тартып эң жогорку стипендияны 75 миң сомго жеткирүүнү пландоодо.  

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

13 + он сегиз =