Сүлүктүдө көмүр казгандардын өмүрү коркунучта (фото)

Каганат.

Сүлүктү шаарында 30-40 жыл мурун көмүр казылган жерди кайрадан иштетип баштоодо көмүр казуучулардын өмүрүнө коркунуч туулууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги кайрадан кара алтын казып алууга лицензияны туура эмес берүүдөн улам кырсыктардын көбөйүшүнө алып келүүдө.

“Анын кесепетинен көп жыл бою иштетилбеген жайларда уулу газдар чыгып, жумушчуларга коркунуч жаратууда. Буга чейин кайталанып казылып алынган жайлардан газ чыгып, көмүр казган жарандар жабыркап көз жумган фактылары катталган”,-деп жазылат билдирүүдө.

 

Мамэкотехинспекциянын инспекторлорунун айтымында, мурда иштетилген жерлерди кайрадан казууга таптакыр мүмкүн эмес. Себеби, жердин алдындагы бөлүнүп чыккан уулу заттар күч алып, аны тазалап чыгуу оңой эмес. Ал үчүн атайын кесипкөй адистер талап калынат.

“Акыркы статистика боюнча Сүлүктү шаарынан кен казып алуу 6 пайызды түзсө, шахталарда адам өмүрүн алган фактылар 67 пайыз түзгөн”,-деп билдиришти мекемеден.

 

Сүлүктү шаарынын мэринин айтымында, мындай кооптуу жайлар өтө көп. “Мамлекеттик геология жергиликтүү бийлик жана тийиштүү органдар менен макулдашпай уруксаат берип коюп жатат. Турак-жайларга өтө жакын жерлерде көмүр казылып алынууда. Мындай көрүнүштөн улам жер чөгүп, тургундарга кошумча коркунуч жаралууда. Жыл башынан бери Сүлүктү шаары боюнча алганда, лицензиянын туура эмес берилип кеткен себебинен улам 9 адамдын өмүрү кыйылган”,-деди мэр.

Адистердин айтымында, эгерде бул көрүнүштү Геология агенттиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте кеңешип колго албаса, адам өмүрү кыйылуу коркунучу дагы деле күчүндө турат.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 + 15 =