БШКнын мүчөлөрү Башкы прокуратурага кайрылат

Каганат.

Кайрат Осмоналиев 15-октябрь күнү  журналисттерге айткан билдирүүсүн  текшерүү сунушу менен Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өлкөнүн башкы көзөмөл органына кайрылат. Бул тууралуу Гүлнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, БШКнын атын жамандоо аракети болуп жатат. Ошондуктан муну башкы прокуратура текшериш керек.

Эске салсак, Кайрат Осмоналиев БШКнын айрым мүчөлөрүн 15-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн акчага сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгын айткан болчу.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

17 + 20 =