Месси үчүнчү ал эми Роналду төртүнчү наристесин күтүүдө

0

Каганат.

Аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин  жубайы Антонелла Рокуццо Инстаграмдагы баракчасында футболчу жана эки уулу анын курсагын кармап түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

 Аны менен катар  “Беш адамдан турган үй-бүлө” деген жазуу калтырылган.

Лионель Месси менен Рокуццо көп жыл бирге жашагандан кийин үлпөт тойду быйыл жайында гана өткөрүшкөн.

Ал эми атагы таш жарган Португалиялык футбочунун жубайы кош бойлуу Жоржина Родригес Криштиану Роналдуну жана анын балдарын сүйөрүн көпчүлүккө билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

2016-жылдан тартып испаниялык бийчи, модель Жоржина Родригес менен футболчу Роналду кыз-жигит мамилесинде деген маалыматтар тарай баштаган. Учурда Родригес Роналдунун 4-баласын күтүп жатат.

Буга чейин 2010-жылы футболчунун тун уулу төрөлүп, анын энеси эч кимге жарыяланган эмес.   Ошондой эле ушул жылдын июнь айында Роналду эгиз балалуу болуп, бул жолу да балдарды карын эне төрөгөнүн айткан.

Учурда ал сүйгөн кызы Жоржина жана 3 баласы менен чогуу жашап, түгөйлөр балдары менен чогуу түшкөн сүрөттөрүн интернетке жүктөп турат.

 “Мен балдарды, жаныбарларды жана жаратылышты жакшы көрөм. Алдыга умтулууга жардам берген адамдар мени курчап туруусун каалайм”, – деген ал.

 Чет элдик маалымат каражаттары кабарлагандай, түгөйлөр 2018-жылдын жай айларында үйлөнүүнү пландашууда.

Булак:Каганат

 

 

Бөлүшүү:

Пикир

он сегиз − 14 =