Канат Исаевдин соту жылдырылды

Каганат.

Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин ишин кароону 23-октябрга жылдырды. 

Буга күбөлөрдүн келбей калганы себеп болгон. Ошондой эле Канат Исаевге жаңы жактоочу болгон Чынара Жакупбекова 24 томдук иш менен таанышып чыгууга бир айлык мөөнөт сураган. Бирок, судья Абдыразак Боромбаев жактоочунун бул өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Эске салсак, “Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген” деген шек менен 30-сентябрда кармалган парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канатбек Исаев 48 саатка камакка алынган.

Депутат 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өзү колдогон талапкер Өмүрбек Бабанов утпай калса, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга жана төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деген шек менен 30-сентябрда кармалган. УКМК аны менен кошо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да кармалганын кабарлаган.

Ал эми Биринчи май райондук соту Канат Исаевди 30-ноябрга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 1 =