Казакстан товар ташууга жол ачкан жок

Каганат.

Кыргыз-казак чек арасында чектөө сакталат. Бул тууралуу Казакстандын жалпыга маалымдоо кызматтары жазып чыкты.

Кечээ Астадана премьер-министр Сапар Исаков жетектеген Кыргызстандын 30дай өкмөт мүчөлөрү менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Бакыт Сагинтаев маалымат берди.

Казакстандын өкмөт башчысы, бул жолугушууда ЕАЭБтин аймагындагы фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл маселелери талкууланганын, Кыргызстандан келген кытай импорту толук декларациядан өтпөгөнүн, бул Казакстандын  бюджеттин чыгымга учуратып жатканын билдирди. Ошондой эле Сагинтаев Кыргызстандын өкмөт башчысы  коюлган жүйөөлөргө макул болгонун кошумчалады.

-Эки өлкө ортосунда жумушчу топ түзүлүп, жол картасын иштеп чыгат. Аны эки өлкө тең толук аткаруу милдетин алды-деди Бакыт Сагинтаев.

Ал эми учурдун эң башкы көйгөйүнө айланган чек ара маселеси боюнча, 19-октябрдан баштап, Казакстан чек арадан жөө жүргүнчүлөрдү жеке жүгү менен, жүргүнчүлөрдү ташыган ууналарды, жеңил ууналарды жана бош жүк ташуучу унааларды өткөрө турган болду.

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

20 − 1 =