Опера жана балет театрына 500 миң сом бөлүндү

0

Каганат.

Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык мааракесинин алкагында өткөрүлгөн Опера искусствосунун Болот Миңжылкиев атындагы үчүнчү эл аралык фестивалынын жыйынтыктоо иш-чарасына катышты.

Опера жана балет өнөрүнүн очогу болгон аталган театр кыргыз маданиятынын маанилүү борбору экенин белгилеген Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Согуш жылдарындагы оор кырдаалга карабай 1942-жылы түптөлгөн театрыбызда эчендеген улуу инсандар өз өнөрүн кыргыз элине гана эмес, таланты менен улуттук маданиятыбызды дүйнө элине тааныткан. Айрыкча, Болот Миңжылкиев агабыздын кыргыз опера өнөрүнө кошкон салымы өтө чоң”, – деди.    

Андан тышкары, аталган театрдын оңдоп-түзөө иштерин зарыл болгон каражаттар сөзсүз бөлүнүшү керектигин да аткан Жогорку Кеңеш Төрагасы, жеке резервдик фондунан 500 миң сом акчалай жардам көрсөттү. 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + жети =