Бир ырдын баяны: Өлүм алдындагы “отурушта” жазылган “жамгыр”

Каганат.

Эл арасында Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын апогейиИздейм сениболсо, Түгөлбай Казаковдун апогейи «Жамгыр» деп айтылып жүрөт. Жүрөк кылдарын черткилеген бул чыгарманын жаралуу тарыхы да өзгөчө.

Бул тууралуу автор, бала чагымда жамгыр мага чогуу өскөн достой, кыйбас жакынымдай, мени тазалаган периштемдей сезилчү. Ал кечиксе ойлоп, кадимкидей эңсеп, а тургай азыраак куса болуп да кетчүмүн деп эскерет.

-Жамгыр жааганда бул ыр сиздерге мени эстетсе, бу жамгыр мага дайым жайлоону эстетет. Билбейм, мен кичинекейимен жамгырдын алдында чоңоюп калдым го дейм. Бизде дээрлик күнүгө эле түштөн кийин алай-дүлөй болуп келип жамгыр жаачу. Мен бүт дүйнөдө ушинтип түштөн кийин жамгыр жаайт экен деп ойлочумун. Себеби, биздин көргөн-өскөнүбүз бир жайлоо – ошол бизге бүтүндөй аалам болчу да.

Апам: “Жамгырда жылаңбаш жүргөн балдардын чачы кара болот” — деп койчу. Үй күчүк болбосун десе керек. Жайлоодо күн алыс эле жамгыр жаап, дөңдөн-дөңгө безилдеп “чач карайтчу” элем.

Дүлөйоозго окшогондор жамгырдын алдында турса тазарат эле, аялын урбай калат эле деп ойлочумун. Анан ушул оюма аябай ишенчүмүн. Азыр ойлосом Жамгыр жерге эле сиңбей, менин жандүйнөмө да сиңген экен-дейт автор.

Түгөлбай Казаков,  бала кезден эле жамгырды башкача кабыл алганын, кийин студент кезде деле бир нерсени шылтоолоп жамгырдын алдына чуркап чыга калган учурларын эстеп, бир күнү бизде окуган Маркс деген аксакал: “Ай, таланттуу десе эле таптакыр делбирттеп кетет экенсиңер да!” — деди деп кошумчалайт. 

-Үлүлдөй болуп “үйүмө” кире түштүм. Жатаканада кичикий үтүк бөлмө бар эле. Ага эч ким деле кирбейт экен. Ошерге барып, кыяк тартчу болдум. Сабакка да даярданам, бирдемелерди жаратымыш да этем, айтор, ошол бөлмөгө байыр алдым. Айнегин ачып, Жамгыр менен ошол жерден жолугуша баштадым.

Бала кездеги Жамгыр мени оюн салдырып, ичиме канат байлап, бир жерге токтотпой алып учуп турчу эле. Алгач ошо бала кездеги Жамгырымды ырдайын дегем. Бир эмес үч обон чыгарып көрдүм. Бирок үчөө тең тоо койнунда кала берген ыйык Жамгырыма татыбай туруп алды. Таптаза Жамгырымды булгап алгандай болдум. Туулбай туна чөгүштү.

Автор андан кийин бул темага да, тигил обондорго да кайрылбагандыгын,  Ысмакең айткандай, кар чайнаса аш болуп, музга жатса тердеген жаштыктын Жамгыры болсо ойго салып, кайдагы бир белгисиз кусалыкты ойготуп, өзөккө түшкөнү келаткан өкүттөн кабар бергенсип, кийин калчу көңүлдөр менен ажырым жолдорго азыртан эле ыйлап жаткан көз жашка окшоп, акыры апытта калтыра турган бир ишти түшүндүрө албай тереземди койгулагандай, өзүнчө эле бир сыр дүйнө болуп, айтор, буга чейинки мүнөзүмдү кадимкидей өзгөртүп кеткендигин айтат.

-Ал ар бир жааганда мен буулугуп баштачу болдум. Мунум адатка айланып, күн бүркөлсө кошо бүркөлүп, жалгыздыкка ыктап, ичимде удургуган түрлүү кайрыктардан башым айланып, дендароо болуп көпкө жүрдүм. Кайдагы бир угуттан көкүрөгүм көөп, жарылалбай жүрсөм, Кукуш деген курсташымдын сүйлөшүп жүргөн кызы башкага тийгени жатат деген кабар келди. Кабары курусун, Кукушум өлөм деп чыкты. Ал Толстойду деле окуган эмес, бирок темир жолго барып кертилип өлмөй болду. Бир жерге туралбай, эстеген сайын тактекедей секирип жатат. Анан эле: “Бактылуу бол!” — деди да, бөлмөдөн атып чыгып, чуркаган бойдон кетти.

Балээнин бактылуу болгонубу, жолдошуң үч бөлүнүп өлгөнү атса деп, артынан жөнөдүм. Келсем, рельстин үстүндө отуруптур. Сурасак, анын “ажалы” кечке маал өтөт экен. Ага чейин эмне кылабыз? “Юбилейный” деген дүкөндөн көлтөйгөн бөтөлкөнү алдык да, экөөбүз эки ташка отуруп алып, өлүм алдындагы “отурушту” баштадык. Күн бүркөлүп турган. Бир кезде как төбөбүздөн асман жарылгандай болду.

Күн күркүрөгөнүн көп эле көргөм, бирок мындай татырап үрөйдү учуруп, жерди солкулдатканын көргөн эмесмин. Анан нөшөр башталды. Биздин негедир тургубуз келген жок. Шөмтүрөп суу болдук, чачтарыбыз сууга түшкөн мышыктын жүнүндөй жалпыйып, кебетебиз келишти да калды. Анан эле мен бир кызыктай боло түштүм. Көкүрөгүмөн бир нерсе тирелип келип кайра кетип, кайра ого бетер күчөнүп келип чыгып-чыкпай артка тартылып, анан кандайча оозуман чыгып кеткенин байкабай да калдым. Кыйкырып ырдап жибердим:

Күн күркүрө-өп жамгыр төктү…

Ушул сап обону менен бир келди. Андан ары уланган жок. Кукуш кайра-кайра ырдатты. Нары жагы уланып кетчүдөй болуп барып эле токтоп калып жаттым. Акырында экөөбүз кучакташып алып, ушул кайрыкты кыйкырган бойдон жатаканага жөнөдүк.

Билбейм, Кукуштун тагдыры таасир эттиби, же өзүмдүкү эле жетиштүү беле, айтор, ошондо болочок ырымдын бир сабы табылган. Жаранын оозу ачылгандай болгон. Анда эрте жаз эле. Обонум же уланып кетпей, же унутулуп калбай кыжалат кылып жүрүп күз келди. Күзгү жамгыр дагы эки сап берди:

Жамгыр төктү эч басылбай

Биз келаттык көл-шал болуп.

Ары жагы табылбай дагы токтоп туруп калды. Ушул жаман экен! Жаныңа сайылган чегедей болуп кыйнап гана турат да, эй!

Түгөлбай Казаков көкүрөгүнө тынчтык бербеген бул обондун кайрымасы гана бүтүп,  кайра айланып жаз келип, бирок көкүрөгүндөгү бир обон жан дүйнөсүнө тынчтык бербей күзгө жетип араң бүткөнүн айтат.

-Сөздөрү обон менен кошо чыккан эле. Аларды көтөрүп алып акындарды кыдырдым. Бири: “Жамгырда да сүйүү болчу беле?” — деп ыйлагыны келтирсе, экинчиси: “Эки сааттан кийин кел, даяр болот” — деп таң калтырган. Эки сааттан кийин келсем, ал акең кыз-жигит жамгырдан коргологон кайдагы бир көк жоолук жөнүндө жазып салыптыр. Албай кетип

калдым. Дагы бири “сол буту” менен жазып кор кылды. Бир жагынан ойлосом аты-жыты жок бир студент келип эле текст жаз деп турса, кайсы акын ишинин баарын таштап салып, төшөлүп отуруп тигинин заказын аткармак эле.

Ошо бойдон акындарга кайрылган жокмун…

Элибиздин чыгаан уулу Султан Ибраимов “Жамгырды” Токон Эшпаев аткаруусунда укканды аябай жакшы көрчү экен. Автордун Токон Эшпаевдин үнү -аябай уникалдуу, бийик, укмуш үн. Ал “Жамгырды” ырдап атканда, менимче, мындай жагдай болот.

Оштон бир жигит мага айтып калды: Сиздин “Жамгырыңыз” мага ушундай жагат деп. Эмнеси жагат? -деп сурадым. Мас болгондон кийин бакырып ырдаганга жакшы экен дейт. Ошондон кийин мен эмне үчүн Токон Эшпаевдин “Жамгырды” ырдаганын жакшы көрөрүн түшүнөм-деп эскергени бар.

Ошондой эле Түгөлбай Казаков “Жамгырды” казактарда Гаухар Каспакова деген ырчы кыз абдан катуу ырдаганын айтат.

-Үнү да абдан кубаттуу үн. Бүткүл Казакстан боюнча өткөрүлгөн эстрада ырчыларынын конкурсунда баш байге гран-прини алган. Анан Назарбаев аны Чимкенттен көчүрүп келип Алматыдан квартира берип, мааракелерде, жыйындарда ырдата берип, “Жамгырды” Казакстанда аябай популярдуу кылып жиберди. Азыр казактар бул ырды көп ырдашат 

ЖАМГЫР

Сөзү, обону: Т.Казаков

Жамгыр төктү эч басылбай,

Биз келаттык көл-шал болуп.

Жол кароого көз ачылбай,

Бет алдыдан шамал согуп.

Кайырма:

Күн күркүрөп, жамгыр төктү

Ошол күндөр кайда кетти?

Жаштыгымдай же кечээги

Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү, эске түштүң

Алыс калган жаштыгымдай.

Сагынтасың жүрөктү ээзип,

Колдон учкан ак кушумдай.

Жылдар учат канаттуудай,

Жамгыр төгөт эч басылбай.

Жамгырларда эскереби

 

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

2 × бир =