Чыныбай Турсунбеков 26-октябрь күнү  өз эрки менен кызматын тапшырып жатканын жарыялайбы?

Каганат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун кызматтан кетиши тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Эртең парламент депутаттары кезектеги жыйынга чогулат.

Жыйында төрага Чыныбай Турсунбековдун арызы каралышы мүмкүн. Ошондой эле төрага 26-октябрь күнү  өз эрки менен кызматын тапшырып жатканын пленардык отурумда, өзү жарыялашы күтүлүүдө.

Ал эми төрагалык орунга КСДП фракциясынан Иса Өмүркулов, “Бир бол” фракциясынан Аскарбек Шадиев жана “Кыргызстан” фракциясынан Дастан Жумабековдун талапкерлиги көрсөтүлөрү айтылууда.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

бир × төрт =