Карамушкина “Коопсуз шаар” боюнча Мелис Турганбаев жооп бериши керек деди

0

Каганат.

Депутат Ирина Карамушкина ЖКнын тармактык  комитетинин жыйынында Башкы прокуратура эмнеге мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин кызматтан кетүүсү боюнча иш алпарбай жатканына кызыкты.

Айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн тендерди өткөрүүдө парламенттин 5 фракциясынын мүчөлөрү катышкан.

“Мен өзүм да акыркы тендерге катышкам. Арыздар ачылып жатканда камерага тартылган. Бирок эмнеге Мелис Турганбаев бул тендердин акырына чыга алган жок дагы кызматынан кетип калды? Ким жоопкерчилик тартат? Тендер таза жана ачык өткөн. Анан эле айрымдар оң жак сол жактан алышып эле, тендерди бурмалашты. Эмнеге ал (Мелис Турганбаев-ред.) кетти? Эмнеге Башкы прокуратура бул боюнча иш алпарбайт?”-деп суроо салды Карамушкина.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + он жети =