Криштиану Роналду жылдын мыкты футболчусу

0

Каганат.

Кечээ 23-октябрда ФИФАнын “The Best” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Лондон шаарында өткөн иш-чарада “Реал Мадрид” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жылдын мыкты футболчусу деп табылды.

Роналду былтыр дагы жылдын мыкты футболчусу аталган болчу.

Ал 2017-жылы “Реал” менен бирге Чемпиондор лигасында жеңишке жетишкен. Ошондой эле Португалия курама командасы менен Конфедерациялар кубогунда дагы биринчиликти багындырган.

Ал эми мыкты машыктыруучу болуп Зинедин Зидан табылды.

Эске сала кетсек, ФИФА бул сыйлыкты 2016-жылы негиздеген.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

эки × 4 =