Саясатчылардын жүзү жана сүрү… «Балп» эткендин баркы жокпу?

 Каганат.

Саясатта жүз гана эмес сүр дагы болушу керек. Майда, бирок маанилүү мындай сапатка ар ким эле ээ эмес. Элдин көӊүл буруусуна арзыган саясатчылардын кээ биринин кылган иши менен айткан сөзү жана жүргөн жүрүшү коомдогу ар кандай пикирди пайда кылат. Бүгүнтөн баштап кыргыз саясатында жакшыбы-жаманбы аралашып жүргөн замандаштарыбыздын  мына ушул жагына окурмандардын көӊүлүн бурууну эп көрдүк. Рубрикабызга илинбей калган саясатчылар «и другиелерди» толуктайт, ары жагын өздөрү түшүнөөр. «Калдайгандын баары эле караан» болбой турган сыяктуу, сайрагандын бары эле саясатчы боло албайт. Анда эмесе баштадык.

       Албетте, эӊ алгач аз убакыттан кийин мамлекет башчылыгынан кетип жаткан Алмазбек Атамбаевге токтололу. Жазуучу Чолпонбек Абыкеев айткандай жалаӊ жакшы жагын гана жазалы десек дагы калк арасында айтылган ар кандай пикирлер ага мүмкүчүлүк берчүдөй эмес.

      Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин алгачкы жылдары элдин үмүтү абдан чоӊ болгондугу белгилүү. Кырчындай өмүрү кыйылган жигиттер кыргыз бийлигин эсине келтирип, акыры акыйкат мамлекет башчы болот деген элдин үмүтү чоӊ болчу. Жакшы жагын дагы айта кетүү парз. Албетте, аялын, туугандарын бийликке жолоткон жок. Арашандагы Максим Бакиевдин жерине салып алган аксарайдан башка алдым-жуттумдугу байкалгандай болгон жок. Аз да болсо жаш кадрларды аралаштырды. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Алтай цивилизациясы сыяктуу бир катар мамлекеттик гана эмес дүйнөлү маанидеги иш-чараларды өткөрдү жана башка….жана башка…

    Бирок, шоопурунан баштап, жан сакчысына чейин илээштирип кыматка сүйрөп, кыргыздар жана кыргызстандыктарга «Иттин уулу Байгара» дагы жетекчи болсо болот деген түшүнүктү таӊуулап койду.Анын акыркы жылдардагы жасаган иштери менен сүйлөгөн сөздөру сүрүн качырды. Саясатчыларды туш келди, мыйзамсыз камоолор, ыгы келген жерде аларга «ат коюп» боо тагуу ага барк-алып келген жок. Тескерисинче, атаандаштарынын, каршылаштарынын алдында басып берди. Анын тышкы саясаттагы туруксуздугу, мамлекеттин кадырына доо кетирген кадамдары ого бетер бул адамга деген сыйды четке каккандай.

      Кызмат адамды эмес, адам отурган ордун кооздой турганын эске алсак, Алмазбек Атамбаев мамлекетти ашпозчулар дагы башкара  ала турганын тастыктап бергендей. Эл арасында бийликти тынч өткөрүп берген президент катары кала турганы айтылганы менен эӊ оор сындарды, келекени көтөрүп, узаган Президент катары тарыхта калмакчы. «Мураскер калтырбайм» деген президенттин шайлоодо бийликтин талапкерин мыйзамсыз жана оӊду-солду, анын аттандаштарына жаман сөз тийгизүү менен колдоого алышы ага ого бетер көлөкө түшүрдү.

«Бир кезде бир тууган улуу агам» деген Алмазбек Атамбаевдин Нурсултан Назарбаевдин ата-бабасына чейин асылып, кайра туруп «катуу айтып койдум окшойт» дегенинен улам анын ден соолугунан шекшигендер дагы чыкпай койгон жок. Муну менен «Президент түпкүлүгүндө туура айтты, эгемендүүлүүбүз элибиздин байлыгы» дегендер эки анжы ойдо калышкандай болду.

         Алмазбек Атамбаевдин «балп этмелеринин» баш-аягы жок болуп кеткендиктен, «байкамаксан деле болуп коелу, бары бир башчыбыз да» деген боор толгогон замандаштар дагы арбын. «Балп этмелерин» байкабай койгонубуз менен чек ара сыяктуу маселелер так ушул «балп» этмелерден улам кетип чыгып, «балп  этмеден» маселе жаралып жатпайбы? «Балп этмелерден» улам Президенттин баркы баштагыдай эмес, муну кантип жашырабыз?

    Кандай десек дагы, Президенттин акыркы айлары өкүм сүрүүдө. Сүрү түгүл, сүйкүмү калбай бара жаткан Президент тууралуу айта турган сөз арбын болгону менен, айта берүүнүн кажети жоктой.

  Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

4 × эки =