Бишкекте курулуп жатып, ураган үй үчүн компания айыпка жыгылат

Каганат.

Мамлекеттик экотехинспекциясынан билдиришкендей, Бишкекте курулуп жатып, ураган үй үчүн компания айыпка жыгылат.

 Маалым болгондой, жабыркагандарга жөлөк пулдар берилип, куруучу компания болсо өндүрүштүк эрежелерди бузганы үчүн 200 миң сомго чейин айыпка тартылышы мүмкүн.

Ал эми үй түрттүрүлүп, кайрадан салынышы керек.

Эске салсак, 23-октябрда Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан  көп кабаттуу турак-жайдын дубалы кулаган.

Кырсыктан 13 адам жабыркап, алардын экөө реанимацияга жаткырылган болчу.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

11 + он эки =