Дастан Жумабековдун өмүр жолу

0

Каганат.

Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Саткей айылында туулган.

Билими – жогору:  2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

2002 — Кыргызстандагы түрк компаниясынын “Баямташ ЛТД” өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүр болуп баштаган.

2005-2007 — жылдары “КАSI трейнинг” Бельгиялык  фирмада башкы менеджер;

2007-2009 — “ЯКАД” ЖЧКсында башкы мүдүр;

2009 — Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин механикалаштырылган көчмө отрядынын башчысы.

2010-жыл, октябрь — да “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча  Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы  депутаты. 

2014-жыл, май —   Жогорку Кеңештин  “Ата-Журт”  фракциясынын лидеринин орун басары.

2015-жыл, июнь — Жогорку Кеңештин  “Ата-Журт” фракциясынын лидери болуп шайланган.

2015-жыл, 4-октябрь — “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы  депутаты.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он жети + он эки =