ӨКМнын кызматкерлерине курулуп жаткан үйлөр техникалык коопсуздукка жооп бербейт (фото)

Каганат.

Нарын шаарындагы Өзгөчө кырдалдар министирлигинин кызматкерлерине курулуп жаткан 24 батирлүү үй техникалык коопсуздукка жооп бербейт. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча инспекторлорунун текшерүүсүнүн натыйжасында белгилүү болду.

Тагыраак айтканда, “Эко-Строй-Сервис” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуш энергетикалык, өрт көзөмөлү жана жумушчулардын эмгек коопсуздугу сакталбай курулуп баштаган.

“Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин” 211-беренесиндеги талаптар сакталбагандыгы үчүн курулуштун прорабы Самидинов Азамат Асылбековичке жеринен протокол түзүлүп 7500 сом административдик айып салынып, толугу менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлдү”,-деп жазылат билдирүүдө.

Андан сырткары келтирилген кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча 1 ай мөөнөт берилген. Коюлган талаптар өз учурунда аткарылбаса, курулушту жүргүзүү токтотулуп иш сотко өтөт.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

он беш − беш =