Кулов: “Турсунбековду төрагалыктан кетирүү президенттин демилгеси”

0

Каганат.

Чыныбай Турсунбековду төрагалыктан кетирүүгө себептерди көрбөй турам. Бул тууралуу саясатчы Феликс Кулов бизге билдирди. Айтымында, ал өз милдеттерин так жана туура аткарып жаткан.

“Чындыгында, төрагага караганда оркестрдин дирижерунда көп укуктар бар. Дирижер кааласа начар музыкантты кубалап жиберет, ал эми төрага болсо депутатка эскертүү берип же ага сөз бербей коюу менен гана чектелет”,-деди ал.

Ошондой эле Кулов Турсунбековду төрагалыктан кетирүү демилгеси президентке гана таандык экенин кошумчалады.

“Бирок бул туура эмес кадам. Себеби башкаларга салыштырмалуу Чыныбай Турсунбеков КСДП партиясына бир топ салым кошкон”,-деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

17 − 17 =