Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрүүсүз

Каганат.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрүүсүз калууда.  

Маалым болгондой,  учурда “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда 500дөй унаа токтоп турат. Ал эми “Ак-Жол” чек ара бекетинде абал бир аз жакшыраак, анда 50гө жакын жүк ташуучу жана жеңил унаа топтолду.

“Чоң Капкада” 70тей машине бар.

 Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында абал 10-октябрдан тарта татаалданып баштаган. Казак тарап жарандарды дыкат текшерип, жыйынтыгында узакка созулган тыгындар жаралууда.

Булак:Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

4 × үч =