Памирлик кыргыздарды мекенине алып келүүдөгү кыйынчылыктар менен кубанычтар

0

Каганат.

Кыргыз бийлиги Памирден 6 үй-бүлө, жалпы 33 адамды алып келди. Алар Нарынга 13-октябрда саат 20:30 чамасында жетишкен. Памирлик кыргыздарды алып келүүдө ат көтөргүс салым кошуп, өзү баш болуп Памирге чейин барып, экспедициялык топту жетектеп жүргөн вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова менен маектешип, боордошторубуздун мындан аркы тагдыры кандай болоруна кызыгып, бир катар суроолорго жооп алдык.

Чек арадагы 5 күн

Памирлик кыргыздардын паспорттору жок экен. Ооган бийлигине ар бир кыргызга паспорт бергиле деген талапты койдук. 2008-жылы Чоң Памир менен Кичи Памирди 5 миң кыргыз бар болсо, учурда 1500гө жакын эле кыргыз калган.

Ооганстандын Вахан коридорундагы Ишкашим деген жерде көп күн кармалып калдык. Памирлик кыргыздарды өткөрбөй, уйку көрбөй сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Экспедиция мүчөлөрүнө өтө терең ыраазычылык билдирүүбүз керек. Автомат менен куралданган адамдар менен колубузда бир ташыбыз жок эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Ортодо талаш-тартыштар көп болду. Бирок биз кыргыздарды алып кетебиз деп көгөрүп отуруп алып чыктык. Ошентип жалпы 2 жума дегенде мекенибизге келип алдык.

Көз жаш

Памирлик кыргыздар Ооганстандын чек арасынан өткөндө ушунчалык ыйлашты. Кубанычтын көз жашы биз менен кошо барган топтун дагы мүчөлөрүн жашытты. Силер бизди чындап эле алып кетип бара жатасыңарбы, боордошторубуз бизди унутушпайт турбайбы деп акырына чейин ишенбей турушту. Себеби Ооган бийлиги памирлик кыргыздарга кыр көрсөтүп, кылымдардан бери паспорт бербей, “кана силерди алып кетишкени” деп көп басым көрсөтүшчү экен. Эми  сөөгүбүз Памир тоолорунда калбайт дешип, балдарыбыз билим алышат деп кубанышууда. Себеби мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин учурунда деле Памирде жашаган кыргыздарды көчүрүп келүү маселеси көтөрүлгөнү менен ишке ашпай келген. Ошентип памирлик боордошторубуздун үмүтү үзүлүп, баары сөз түрүндө кала берет турбайбы деп калышыптыр.

Куланакта жашашат

Нарын облусундагы Куланак айылында кесиптик лицейдин имараты атайын Памирден келген кыргыздар үчүн даярдалган. Ичинде баардык шарттары бар, оңдоодон өткөн. Алар учурда Нарындагы ооруканадан Куланакка жаңы көчүп барышты. Ал жакта окуй турган класстар, жата турган жерлери, тамак-аш бышырып, тамактанчу ашканалары баардыгы даярдалган.

Эмнеге Нарын?

2009-жылы памирлик кыргыздарды Алайга көчүрүү боюнча токтом кабыл алынып, жер да бөлүнүп берилиптир. Бирок бул маселени мен терең изилдедим. Алайга өкмөттөн атайын кишилер барып, бөлүнгөн жерди көрүп келишкен. Ал жер үй-жайы жок эле, жайлоо экен. Бюджет тартыш болгондуктан аларга турак-жай салуу, мектеп салуу маселелери жаралмак. Нарын облусунда айылдарда үйлөр бош турганы тууралуу маалымат келип, тоолуу район деп Нарынды тандап алдык. Себеби мал багууга ыңгайлуу болушу керек болчу.

Кең пейил кыргыз эли кучак жайып тосуп алды

Кыргыз элинен айланса болот, боордоршторубузду абдан жакшы кабыл алышты. Алгач Памирден кыргыздарды алып келебиз дегенде туура эмес пикирлерди угуп, көпкө ойлондум эле. Бирок, кудайга шүгүр эл абдан жакшы кабыл алды. Кыргызстанда канча улут бар, кыргыз эли баарына кучак жайып кең пейилдигин көрсөтүп жатпайбы. Анын сыңарындай кыргыз эли көчүп келген соң абдан кубануу менен кабыл алышты. Колдорунан келген жардамдарын берип жатышат. Жада калса бир эле Нарындан эмес башка облустардан дагы жардам беребиз дешип, байланышка чыгып, азык-түлүк, кийим-кече беришип, памирлик кыргыздар менен жолугушууну каалагандар абдан көп болууда. Бирок биз азырынча жардамды акимиат аркылуу бергиле деп түшүндүрүүдөбүз.

Балдарга атайын программа менен билим берилет

Билим берүү министрлиги менен билим берүү академиясы биригип балдардын билим деңгээлин аныкташат. Аларга ылайыкталып атайын программа түзүлүүдө. Балдардын баарын бир класс кылып окутабызбы деген маселе дагы көтөрулүүдө. Бирок буга мен каршы болуп жатам. Себеби аларды коомдон бөлүп, элге кошпой кармаганыбыз туура эмес. Бизде кандай жашоо болсо ошол жашоого ыкташып, көнүп жашашса деп ойлойм. Кадимки эле мектепке барып, бирок атайын программа менен окутулса жакшы болмок. Бул балдардын баары өтө зирек, чыйрак, таланттуу экен. Окуу программасын тез эле өздөштүрүп, башкалар менен теңтайлашып калышат деген ишеним бар.

Кыргыз жеринде памирлик кыргыз уулу жарык дүйнөгө келди

Кылымдар бою туулган жерин көрүүнү көксөп келген памирлик кыргыздардын чүрпөсү биринчи жолу кыргыз жеринде, өз элинин кучагында туулуп жатканы тарыхый окуя болду. Памирден келген Жаанбү №6-төрөт үйүндө көз жарды. Кудайга шүгүр, учурда эне-баланын ден-соолугу жакшы. Уулу эмчек эмип жатат. Ымыркайга президент Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарылды. Жаанбү бул кубанычын сөз менен жеткирип бере албай жатат.

Учурда эне-бала Жалдагы балдар үйүнө которулат. Доктурлар уруксат берген соң Нарындын Куланак айылына барышат. Ал жакта баланын атасы, туугандары күтүп жатышат. Алмазбек 38 жаштагы Жаанбүнүн 10-баласы, бирок 5 баласы чарчап калыптыр. Памирде төрөттөн каза тапкан аялдардын саны өтө көп, ошондой эле жаңы туулган ымыркайлар дагы көбүнесе чарчап калышат экен. Кыргызстандын мыйзамы бюнча туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.

Көбү жүрөк кемтиги оорусу менен жабыркашат

Памирден келген кыргыздардын ден-соолугу жакшы экен. Бирок көбү жүрөк кемтиги оорусу менен жабыркашат экен. Себеби Памирде бийик тоодо жашап, басым жогору болот экен. Бирок доктурлардын айтымында, бул оору өзүнөн-өзү жоголот дешүүдө. Бул жакта басым өтө жогору болбой, дайыма туруктуу жашашса, жүрөк калыбына келет дешүүдө. Жаңы көз жарган Жаанбү дагы жүрөк кемтиги менен жабыркайт экен, бирок эч кандай коркунуч туулган жок. Ошондой эле дарылар абдан жакшы таасир берет экен. Себеби биздин организм дарыга чыланып, аны тоготпой калган болсо, памирлик кыргыздарга жарым таблетка эле дары абдан жакшы таасир берип жаткан маалы. Дайыма кыймылда жүргөндүктөн денелери чымыр болуп, семирип кетүү менен жабыркагандар жок.

Боордошторубуз кол куушуруп отурушпайт

Памирлик кыргыздар мамлекетке жүгүн артып, даяр тамак-ашты жеп отура бербейбиз дешүүдө. Медициналык кароодон өтүп бүткөн соң иштеп, өз жаныбызды өзүбүз багып баштайлы деп, ойлорун ортого салышты. Кыргыз эли бизди баксын, “алма быш, оозума түш” деп отура берүү туура эмес дешүүдө. Памирлик кыргыздар мал багуу менен алек болушкандыктан учурда Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыпов менен сүйлөшүп, аларды иш менен камсыз кылуу жактарын ойлонуштуруп жатабыз. Бизнес чөйрөсүнөн дагы кол сунуп жардам берүүгө даяр болгон атуулдар чыгууда. Алар жашаганга үйлөр бар, малыбыз бар дешип, каалашса маяна катары акчалай төлөп берип мал бактыралы, өздөрүнүн малдарын дагы кошуп багышсын дешүүдө. Балдарын окуталы деп сунушташууда. Биз памирлик кыргыздарда тандоо болушу керек деп, ал адамдарга алыстан ат арытып келген мекендештерибиз менен сүйлөшүүнү сунуштап жатабыз.

Туугандык сезим күчтүү

Туугандык сезим аябай күчтүү. Бизде ошол сезимдер жоголуп бараткандай. Бир тууганы менен сүйлөшпөй, таарынышып, ал-абалын сурашпай калгандар көбөйүп кетти. Памирлик кыргыздар болсо бири-бирине өтө күйүмдүү болушат экен. Бири-бирин издеп турушат экен. Бирөө ооруса баары үйрулүп түшөт экен. Ушунчалык бооркер эл экен.

Памирлик кыргыздар баңгизатын көп колдонот деген туура эмес

Эл оозунда элек жок дегендей памирлик кыргыздардын көбү баңгизатын колдонушат экен деген кептер тарап жатат. Бул өтө туура эмес. Ооба, арасында колдонгондору дагы жок эмес, бирок баардыгы баңгизатын колдонот дегенден алысмын. Кыргызстанга кирерибиз менен Алайдан медицина кызматкерлери кан алышып, анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары менен биргеликте анализ алынды. Кыргызстанга келгендердин баарынын каны 100 пайыз таза чыкты. Оозуна алы жетпегендер сүйлөй беришет экен. Улуттук маселеге келгенде ар бир нерсени ойлонуп сүйлөсөк жакшы болмок. Боордошторубуздун көңүлү абдан назик экен. Аларга жаман сөз айтып, таарынтып албашыбыз керек.

Салтты катуу кармашат

Памирлик кыргыздар салтты катуу кармашат экен. Кыргызстанга келе жатканда бешигин алып алышты. Бизде деле бешик бар, калтырып эле койбойсуздарбы дегенибизде, кыргыз качан бешигин таштачу эле деп алып алышты. Кыргызстанда тукумубуз улансын дешти. Кыздарына дагы өзгөчө аяр мамиле жасашат. Кыздар конок дешип, бөпөлөп турушат экен. Кыздары дагы уялыңкы, тик карап сүйлөбөй, үлбүрөп назиктигин көрсөтүп, эркектерден, улуу адамдардан ыйбаа кылып турушат экен.

Памирге кайтышабы жокпу ал ар бир адамдын тандоосу

Памирлик кыргыздарды алып келе жатканда абдан көп кыйынчылыктар болду. Ооган бийлиги бут тосуп, аларды чыгарбай жатышты. Мекендештерибизди чек арадан өткөрүп жатканда 6 айдан соң кайра келебиз деген кагазга кол коюп беришти. Бирок ар бир адамдын өзүнүн тандоосу бар. 6 айда кандай билим бермек элек? 6 айдан соң кайтышат деген процедуралык эле маселе. Эгерде бирөө кайра артка кайтам десе аларды кармабайбыз. Эгерде жок кыргыз жеримде калам дешсе, анда албетте, жарандык берип, баарын мыйзам чегинде жасайбыз.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

8 + он сегиз =