Данияр Төлөнов вице-спикерликтен кетти

0

Каганат.

Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеӊештинжыйынынын жүрүшүндө вице-спикер Данияр Төлөнов (“Кыргызстан”) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди.

Депутат өзүнүн кызмат ордунан кетишин «Кыргызстан» фракциясынын дагы бир өкүлү Дастанбек Жумабековдун Жогорку Кеӊештин Төрагалыгына шайланышы менен байланыштырууда.

«Мен бир фракциянын эки өкүлүнүн парламент жетекчилигинин курамында отурушу этикалык жактан туура эмес болуп калат деген ойдомун. Мага ишеним көрсөткөн эл өкүлдөрүнө өтө ыраазымын, мындан ары депутат катары чогуу иштеше беребиз», – деди ал.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

18 − 14 =