Кыргызстандагы лотереяларды кореялык компания ойнотот

Каганат.

Кыргызстандын Мамлекеттик лотерея компаниясы өткөргөн тендерди Түштүк Кореянын Nanum Lotto компаниясы утту. Бул тууралуу Мамлекеттик лотерея компаниясы билдирди.

Маалыматка ылайык, тендерге Сербиянын Elbet d.o.o., Кыргызстандын “Астра Клуб” компаниялары дагы катышкан.

Nanum Lotto ишканасынын лотерея тармагында 10 жылдык тажрыйбасы бар экени белгилүү болду. Бул компания  Кореяда лотерея боюнча улуттук оператор.

Бул компания ишке киришсе Кыргызстанда 50 жумуш орду түзүлөт. Ошондой эле өлкө боюнча 400 жерде лотерея саткан күркөлөр болот.

Эске сала кетсек, быйыл май айында президент Алмазбек Атамбаев “Лотерея жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, жеке ишкерлерге лотерея менен алектенүүгө тыюу салынып, Мамлекеттик лотерея компаниясы ачылмай болгон.

Булак: Каганат

Бөлүшүү:

Пикир

жети + он бир =