
Каганат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, премьер-министр Сапар Исаков 28-октябрдагы эс алуу күнүн 6-ноябрдагы жумуш күнү менен алмаштыруу тууралуу токтомго кол койду.
Токтомго ылайык, 28-октябрь ишемби күнү мекеме, ишканаларда иштеген кызматкерлер жумушка чыгышат. Ал эми 4-ноябрдан, 7-ноябрга чейин 4 күн катары менен эс алышат.
7-ноябрь Улуу Октябрь революциясынын күнү. Бул күнү иш күн эмес.
Булак:Каганат