Сынган Кылыч: Алымбек Датканын Алайга кайтышы

Каганат.

Тарыхый теманын көркөм чагылдырылышы жагынан Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романы карааны калың чыгармалардын арасынан аттын кашкасындай бөлүнүп турат.

Бул тарыхый роман чыккандан бери деле көп чыгармалар жаралды, бирок ал багындырылбай калган чокудай болуп дагыле бийиктигин, тереңдигин сактап келатат. 

Андагы ар бир образ, Аксыдагы Теңирберди менен Сарыбай же тигил кан ордосунда жүргөн Нүзүп, Алымбек датка. Анан Ыскак деген эмне деген адам. Кокон кандыгына, падышалыкка каршы күрөшкөн баатыр.

Т.Касымбеков түзгөн ар бир образ тип болуп турат. Анын мыктылыгы да ушунда. “Сынган кылыч” кыргыз барда окула турган, ар бир киши аспиеттеп текчесине коюп алып окуй турган, кыргыз тарыхына кызыккан окурмандардын үстөлүнөн түшпөгөн китеби.

Бирок, өкүнүчтүүсү тарых кайталанат дегендей “Сынган кылычтагы” окуялар кайталанууда. Өз чыгаандарын чыркыратып, калкым деген уулдарынын канатын кайрып, хан ордосу улам жаңы оюнду баштап, эл менен бийликтин ортосунда ажыратуу жаратууда. Кудум Кокон хандыгындай…

Урматтуу окурман!

Тарыхы жок элдин эртеңи жок дегендей, тарых бул мезгилдердин күзгүсү. Мына ошол доорлордун күзгүсүнө дагы бир ирет «каранып», бабалардын баскан жолуна саресеп салып көрүшүңүздөрдү суранабыз.

(уландысы)

XI

Мына, өз өргөөсү, өлөң төшөгү демекчи, кызыл жалыны жалмаңдап күйгөн арча оттун кызылын тиктеп өз төрүндө отуруп да, Өзгөндөн бери жолмо- жол көңүлдү эзген туңгуюк күдүк ой бастабай, кайра тиги бирде сөнө, бирде тутана көк жалындаган от сыңары кайрадан кайра жаңырып, аны сайын тынч алдырбады датканы да. А тула бою өз түнөгүнө келген куш таризде, жымырап ныксырайт, таттуу эстендире кериле-чоюла жан тынчтыгына өтүүгө тартат. Бирок, көз ирмелбейт. Те бир убакта дасторкон артынан жүйүртө басып келди Курманжан:

— Келин, датка…

Жана аттан түшүп жатканда тоскон туушкандардын арасынан не деген менен ыйбаалуу Курманжан көрүнгөн эмес. Ченей албай турган, болжой да албай турган бир тымызын эңсөө зарыктырып отурган Алымбек ордунан өйдө боло калганын өзү да сезбей калды, өйдө боло калганын ыраазы көңүлү эрен да кылбады. Кайта анын эт- жүрөгү делбиреп кетти.

«Ыя, капкачан эле тыштан шыкаалап көрдү бекен бу керээт, анын кабагына серп сала баамдап койду бекен?!» Курманжан кубанган көңүл толкунунан бир аз демиге акырын чөк түшүп, кош колдоп бегинин колун алып, тамылжый түшкөн жылуу бешенесине баса акырын ызат менен тооп кылды.

— Жигит пири Шаймерден колдоп, саламат эсен келдиңизби, датка?..

— Кудайга шүгүр, айым, — деди Алымбек датка. Курманжан мышыктай жумшак да, элпек да кыймыл менен куш жаздыктарды бегинин чыканагына дагы бийиктете коюп, астейдил кам көрүп имериле калды. Бу жылуу мамиле ансыз да көңүлү эрип төгүлүп турган Алымбектин тула боюн биротоло жымыратып жиберди.

«Зирегим ай…» деди көңүл толкуну. Биринин дилин бири сезип, айттырбай купуя түшүнүп, ушул эле көңүлдөрүн толтуруп, алар ачык сөзгө шашылышкан жок. Бир мааниси, баасы боло турган сөз, зарыл сөз ар биринин көңүлүндө жаралып, эми айтылышы эле калган таризде тил учуна келип, бирок не үн көтөрүңкү, не дил оорутар кескин угулуп калбасын деген кыязда ооздон чыга албай турган сыяктуу.

Курманжандын көк кептердин куркулдаганындай басмырт жумшак үнүн Алымбек көз жумуп, капилет бир кубанчка баткандай дем тартпай отуруп укту. А Курманжан да ыйбаа, адеп сездире жер тиктеп, кылт этпей, үн көтөрбөй, шашылбай ылайыгы менен сөз сүйлөп, ыгы менен сөзгө кулак салып, акырын баш ийкей маани экчеп, болжоп отурду. Ар бири өз көңүлүн күүгө буралган комуз кылындай таблап, сырлашууда рухий бир лаззат көрүүчү чекке атайын күргүчтөшкөндөй. Ырас эмей, чиркин ай, акыл маегинде белгилүү бир рухий лаззат алынбаса, кишилер кокустан бир той дасторкон үзүрүндө жолугушуп калып, уңгусуз, маанисиз кобурашуу менен бүтүшүп, а качан той таркаган кезде ойлорунда бир илим жук калбай, кайран өмүрдүн ошол бошко кеткен бир чымчым убагына кейиген учур болот эмеспи?!

Кеп ичинде экөбүн тең тымызын да, ачык да чоочуткан акыбалга келип тоголушту. Улам маани эчкелип, мунун тамыры кайда, учу кайсы, чын эле кара башка күч келип, чын эле экөбүнүн бири, жаман айтпай жакшы жок, тагдырдын өкүмүнө чарасыз көнмөй чак болуп калса да аттиң ай, айтпай калдым дебей тургандай болсун үчүнбү, эчтеме жашырылбай, коркунуч ашырылбай да, кемитилбей ортого коюлду.

 — Мына, ушин этип, датка, сиз ордодо «саткын» деп аталдыңыз… Унчукпай башын ийкеди Алымбек. Мындайча бааланарын ал те Жангарач бийдин өргөөсүндө болгон кеңеш убагында эле өзү деле болжогон.

— Бирак, датка, сиз ордо үчүн «саткын», а өз элиңиз үчүн кыйын кезеңде жол баштаган эркечсиз… Көзүн жума муюду ал. Курманжандын муңайым үнү ага тагдырын өз оозунан угузуп жаткан таризде жантенине жагып, жубатып, көңүлүн тынчытып жатты. А Курманжандын өзүнүн ой-санаасы бир жаңсыл эмес. Улам дилине суроо туулуп, бири жооп алып, бири төтөк кылар бир жүйө табууга кыйын болуп, эң акыры акылга да, күчкө да башкарыла койбой тургандай кумдай чачылып жатты. Куттагы туугандардын «ордону өзүң башкар, такка өзүң чык» деген кеңеши Курманжанды бир жагынан «ошондой эле болмокчу эле» деген кыязда көңүлүнө жакты. Жөнөтүп жатып, өзү «туугандарыңыз менен кепке келишиң, датка» деп өзү ошол жолго багыттаган. — Кут болсун, датка… Те байыркы көйүңөр бир бөлөк, аны айтып отуруп не?! Ушул тапта да тигилер тыякта, силер быякта «бий», «бек» деп койсо, «тага», «ага» деп койсо корстон болуп, ошого алданып, ордонун бирде төрунү өтүп, бирде улагасында улактай мууздалып калып, жан этин жеп күн көрөсүңөр. Качаңга дейре бириң тоодо, бириң ойдо, не өлүктөн, не тириктен кабар алышпай, жалгыздап кор болуп жүрөсүңөр?! «Укурук моюн» акенин кеби кеп. Ордо ойрон болсун, аны алыш-коюш эртеңки кыжалат, а анын таламайына, чапкынына туруштук кылгыдай журт бириктирип ынтымак ырайышка өткөнүңөр өтө абзел иш болгон. Күт болсун, датка…

Ар нерсенин өзүнө жараша машакаты, милдети, төлөп берер карызы болот турбайбы?! Кылактап кызыктырып, а бирок суу түбүнөн аякка урунган таштар сыяктуу оркоюп чыга келди го мунун кыйынчылыгы, коркунучу. Мына эми, тымызын тартыш, алка жакадан алышкан кармаш, керек болсо кылчаңдабай бирөөнүн да, өзүнүн да канын жалбырттата төгүшмөй башталат. А балким,али курала элек «өз ордосу», көзгө көрүнө элек «алтын тагы», ак кийизге салына элек «өз өкүмдары» бир ишке ашпаган куру үмүт болуп жүрбөсүн?! «Өкүмдар болмок эле мателби?! Не көйдө болгондо да элге карамдуу, журт керегине жарамдуу болмок абзел…» деп, өзүн да, бегин да жубатты Курманжан.

Ким карамдуу болгон?! Курманжан касыреттүү санаага кабылып, жообун өзү таба албай иреңи акчыл тарта калды. Элге ким гана карамдуу болом дебеген?! Мына, өзү өз бегине куратмакчы болуп отурган «өз ордосу» эле жамы журтка көптөн көсөгөн тынччылыкты, бейпилдикти көтөрүп келип бере алабы?! Анын беги эле кой үстүнө торгой жумурткалатып жибереби?! О, чиркин ай, өзүлөрү деле өз мезгилинин кырынан ашып кете албаган көп пенделердин бири эмеспи. Эмне келе алмакчы жалгыз анын жакшы оюнан?! Эсил эл, кайран журт! Качанга дейре таш уйкудан ойгонбой, кылымдардын ың- жыңсыз катмарында жоголуп, кыйкырыктан башка укпай, зорлуктан башка көрбөй, ал зорлукка көнүп, аны кудайдын башка салганы деп, тизе бүгүп, кол куушуруп, өтмөкчү?! Ордонун да, өз бегинин да катаал жүзүнө каршы туруп, элдин көйү деген көңүлгө жылым машакат үчүн нечен ирет баш байлап да көргөн. А зор деген, зорлук деген көп экен, бирин жалынып токтотсо, бири жаңдап өткөн, бирин тизгинден алса, бири төбөгө чаап кетет.

 

Кээ убакта бу жан этин жеген чөйрөдөн көрө те илгерки Жапалактагы жатакчы атасынын күнгө күйгөн кара үйү бейиштей тынч, бейпил эмес беле?! Кара үйдүн ичи күндүз ынтымактуу, түнү тынч, колдо барына ыраазы, колдо жогуна кайыл, ток болсо эсирбеген, ач болсо арман кылбаган топугу бар болучу. Теңир ай, баягы балалык кезин кайра кайрып берсечи, ал саамайын сеңселте артын каранбай тыскактап чуркап, ошол учкан уясы болгон жатакчынын кара үйүнө кире качкыдай. Жо, теңир эми ага балалык кезин кайрып бербейт, эми өзү да минтип нечен ой-санаанын, нечен жылдардын кубанткан да, кайгырткан да машакаттарын ашып келген бул учурунан кайра кайтып кете албайт. Кеп балдары жакка ыкты.

— Абдыллаңыз биз менен ушул Гулшаада, калган төртөүн төрт башка жерге койдум, датка… Бири кармалса бири калсын, бири өлсө бири сакталсын дегени эмеспи?! Жүрөгү шуу дей түштү Алымбектин.

«Ыя, ушунчалык эле кыйын болуп калганбы абал?…» — Кудай сактасын, — деди ал кабагы үйрүлө, — ким батына алат?!

 — Кудай сактанганды сактайм деген эмеспи, датка…

Алымбек датканы ой баса түштү. «Э-э, ордодо тигинтип күдүңдөшүп жатышса, ушуга дейре ага деген шамшарын койнуна катып жүргөн хан сөрөй ачык каршылыкка өткөн соң, о-о зирегим ай, балдарды корголоп, тоого калкалап келген экен го?..»

Иреңи кызыл тору, көзү самби талдын жалбырагындай саргылт көгүш, арык чырай, кагелес тараз бойлуу сыпаа зайып эле Курманжан айым. Өз баркын, өз ордун сезет, ошон үчүн эч убакта шашылбайт, кандай кооптуу шарт болуп кеткен күндө да эч калдастабай, үнүн көтөрбөй, кабагы үйрүлбөй дайыма токтоо, ар сөзүндө маани, кериле баса менсинбей, кайра саал жер тиктей ийиле, дайыма көңүлү бир кунунда, бир ыкыласында.

«Дагы эмнеден кабары бар болду экен?..» деп, өзүнчө ой имерди Алымбек. Эл ичинде Курманжан жөнүндө «ал керээт — кишинин ойлоп барган оюн өңүнөн эле билип коёт, ал жер тыңшаар — шырт эткенди жаздым кетирбейт» деп шыбырланып жүргөн сөздөр бар.

«Мына, ишим түшүп алдына барып, өз көзүм менен көрдүм — бир кеп айтарында оң тарабына өзүнчө эле көз кырын таштап-таштап алат, башка адамга көрүнбөгөн бирөө жанында отурган сыяктуу…» дешет. «Мунун жөлөмөсү кызыл жолборс имиш…» деген да шумдукту айтышат. Бу сөздөрдүн кайсынысы чын экенин билсе Курманжан өзү гана билер.

Ким сурай алмакчы өзүнөн?! Кадыры күн санап аша баштаган айымдын алдына ар түркүн чоочун кишилер да келип кетишет. Же бай кербенбашы, же кербендин эң акыркы төөсүнө араң илешип жүргөн бир мусапыр, же «ак» урган дувана, же бул дүйнөнүн убайынан кечип жер кезген календер. Биринен да чийткебей, зерикпей алардын күңкүлдөшө узакка айткан сөздөрүн өтө ынтаа коюп угуп, өзү да сөзгө аралаша бирдемени такташып, көпкө маектешчү эле. Датка таназарына алчу эмес. А Курманжан айым кай бирөөнө абдан ыраазы болуп, алдына ат тартып, үстүнө тон жаап чыгарган күндөрү болгон. Жакынкы коңшу өлкөлөрдө, алардын ордолорунда Ооган тарапта эмне оош- кыйыш, эмне талаш-тартыш болуп жатканы ушундай кишилер аркалуу Курманжан айымга белгилүү болуп турганы шексиз.

А Кокон ордосунда Алымбектин өзүнө да айтылбаган жашырын адамдарды бар экенин Алымбек туюгунан сезчү. Мына, өзү келе электе Жангарач бийдин өргөөсүндө болуп өткөн сөз, Канаат-ша экөбүнүн ыйкы- тыйкысы, ордодогу ага каршы куралып жаткан кутумдук Курманжанга алда качан айгине болуп, алдын-ала камылга көрүп отурган соң эми эр көкүрөк датка баштагыдай кем баа кыла албай калды.

Түн бир убак, бирок бирткелеп жаңылап, ичкериштирип, Курманжан отту өчүрбөйт. Жалын соймоң эткен сайын анын жылуу кызыл тору иреңи, саргылт көгүш көзү жылтылдайт. Аны сайын жал-жал серп сала көңүлү жымырап, кубанчы, ыраазылыгы артылып отурду даткасы. «Зирегим ай…»

Булак: Каганат.

Бөлүшүү:

Пикир

тогуз + 13 =